Аида Кулуева "Жаз"
03:01
2,78 Мб
Жүктөлгөн: 07-05-2009
Көчүрүү
  • Currently 4.83/5
(6 добуш)
Сапарым жазгы жолдо, жазгы жолдо
Сарысеп салып келем оңго солго
Көркөмдүү көргөзмөсүн көрсүн дейби
Күн нуру шоолаланды кыраң жолдо
Асманга анан жерде нур таралат
Аз-аздап шык ойгонуп ыр жаралат
Эңилип жаман гүлдөр өөп кетпейби
Эртелеп бара жатсам бак аралап

Мактасаң сулуулукту жазда макта
Жашыл түс кырда, түздө, дүйүм бакта
Жамалың жамгыр чайкап эртели кеч
Таштар да өңүн ачат ушул чакта
Булбулдар көрүшкөнсүп теңи менен
Безилдеп үн алышат сени менен
Жабыркап жылуулуктан жадап турсаң
Жел аргый желпип өтөт жеңи менен

Төшөлөт чөп килемдей бут алдына
Жайылат нур жибектей кош далыма
Көпөлөк көлөкөмдөн боюн тартат
Келгенсийт кебирсинген кыш жанына

Комментарийлер (15)

07.05.2009. 17:29
 erma
jakshyle yr eken Aida alga!
14.05.2009. 14:58
 ke Ai
super info, super yr!!!!
25.05.2009. 22:36
 Bulat
Давай кочуруп алалы!!!
12.06.2009. 14:14
 ymyta
Мааалдес Аида,ийгилик сага!
жакшы ырларын чыгып жатат,алгалай бер!!!
25.06.2009. 18:25
 Мэри
Мага тексти кобуроок жакты. Кимдики болду экен же Аида озу жазганбы?
Негизи, жакшы ыр болуптур.
16.12.2010. 16:40
 guli88
Аида эже таланттыныз ташкындай берсин!Ийгилик сизге!!!
22.12.2010. 23:30
 naka
klassno
06.03.2011. 18:26
 AiliN
созу болсо абдан жакшы болмок.
16.03.2011. 19:02
 aidaikuz
эн мыкты ыр!
15.03.2012. 11:30
 Asus84
мага бут ырлары жагат
17.06.2012. 22:06
 Gukani82
Jarkyn sestrenkama aaabdan jakty!!!!!!!!!!!
29.11.2012. 13:07
 aijan90
Ушул кыз такыр ырдаганды билбейт! Создорунун баарын нан менен кошо жеп койгон! так,так ырдаса сонун болот эле!
15.04.2014. 15:55
 aykyz
Сонун эле ырдаган. Мага лично жакты. Тексти болсо соз жок. Текстти да илип койсонор жакшы болот эле анча мынча тушунбогондор тушунуп алышмак эмне тууралу ырдалып жатканны
20.03.2016. 13:38
 bibiku
Соонун ыр! Унунузго береке!авторго мактооолор болсун! Эн коркомдуу создор мн жазылган!
19.11.2016. 16:05
 Aytur
укмуш суйуп угам ушул ырды!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо