Токтобүбү Черикчиева "Жолугарым билгенмин"
04:37
4,25 Мб
Жүктөлгөн: 12-11-2010
Көчүрүү
  • Currently 4.59/5
(17 добуш)
Биз жолуктук, качан, билбейм, үмүтүм,
Жүрөк отун бийлеп алдың сен бүтүн.
Бир гана эмес, тагдырга миң,
Тагдырга миң, таалайыма ырахмат.
Бизди кошкон,
Ошол айлуу, ошол жыргал,
Ошол бейпил түн үчүн.

Мен жашоодо канча жолу ыйладым,
Бакыт издеп, өзүмдү өзүм кыйнадым.
Жолукканда карай берип,
Карай берип, карай берип көзүңдү.
Кубанычтан көөдөнүмө,
Көөдөнүмө көлкүлдөдүм, сыйбадым.

Ошондогу сулуулугу, ай, дүйнөнүн,
Мен Жер шарын чарк айланып жүргөнмүн.
Билбесем да, бар экенин,
Бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү,
Мен өзүңө качандыр бир,
Бир убакта жолугарым билгенмин.

Билбесем да бар экенин,
Бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү.
Мен өзүңө качандыр бир,
Бир убакта жолугарым билгенмин,
Жолугарым билгенмин.

Комментарийлер (29)

12.11.2010. 19:48
 EXword
Nastolgiya..! Kanday sonun yr.
12.11.2010. 23:57
 ash
emnege kochurso bolboyt?
13.11.2010. 18:26
 info
Ыр жүктөлгөнүнө 30 күн болгондон кийин гана жүктөй аласыз.
13.11.2010. 23:03
 Mairambu
Токтобубунун ырларын ушунчалык кутом. Ушул бир ырына дагы рахмат. Москва.
15.11.2010. 02:57
 Kagan
Эмнеге? 30 кун?
15.11.2010. 04:25
 Arstan
Сонун ыр ээ,азыр эмнеге ушундай ырлар чыкпай калды,бут эле жасалма болуп калдыго,компьютер менен.
28.11.2010. 02:09
 renessans
балалгымды эстетет...
04.12.2010. 15:09
 asal
токтобубу эженин ырларын суйом Москы
14.12.2010. 10:34
 fiesta
a4ugun aytsam azurku ur4ulardun beti dele jok!!!!ur degen uwunday bolot beti joktor meni jaman korboy ugup algula!!!
07.01.2011. 21:15
 BaktybekA
Рысбай байкебиздин ырын Токтобубу эң бир сонун чагылдырдың рахмат.
16.06.2011. 00:51
 hottaby
Молодец,Тома!
10.08.2011. 05:22
 Merischka
балалыгымда маанисине маани бербей укчу элем...
10.08.2011. 11:54
 Anita
сиздерден суранат элем токтобубу черикчиеванын караап карап кайрадан сени самап деген ырын киргизип коёсуздарбы чоон рахмат
15.09.2011. 22:07
 kubaziza
Эн сонун 100 балл
10.12.2011. 22:49
 bodrum
сооооонун ыр маа тексти керек эле
17.02.2012. 20:27
 asdfghj
иии-й Тоня эже маладесссссссссссссссс! за-то чиста па калкамански ЗЫЙТ_ЗЫЙТ унунен!
20.02.2012. 01:02
 MUSYA
Колукту деген ырын тез арада жуктоп койгула бой которбой..
05.04.2012. 12:30
 toktokan
Салам, мага дагы Токтобубу эженин ырлары жагат, "Карап карап" деген ырын кчуруп койгулачы!
04.07.2012. 00:09
 Gulu85
эже жакшы ырдайт негедир эже акыркы кундору корунбой калды не кылабыз
26.07.2012. 14:33
 Asul
Карап, карап, кайрадан сени самап. Черикчиеванын ырларын абдан сагынып калыптырмын. Көптөн бери кайдан алып угаарымды билбей жүргөм. Карап, карап, кайрадан сени самап деген ырын жүктөп койгулачы.
07.08.2012. 23:37
 benslife
ooba karap karapty juktop koyunuzdar4y?!surany4.......
11.10.2012. 23:02
 anteya
Ушул ырдын чыкканына канча болсо да, азыркылардын 100 ыры да татыбайт! РАХМАТ ушундай керемет ыр учун. Колукту деген ырын да жуктоп койгулачы, рахмат.
27.01.2013. 20:07
 Jenish_kg1
exxx Murunku yrlardyn ku4u e? kara4y azyrky yrlar 4anyna da jetpeit. Degi ushul yrdy jaratkan adamdarga raxmat Ryspai Abdykadyrov kop ishtese kerek bul yrdyn ustunon...
11.09.2014. 23:26
 D.U.P
кайф кайф рахмат суппер инфо
09.11.2014. 12:36
 Kuali
чыгармачылык ийгилик!!!КАНДАЙ СОНУН Ушундай ырларды угуп эс АЛГАН!!
06.11.2015. 04:31
 Nur4ik11
♥♥♥
07.03.2016. 17:28
 Sabyr_Baymatov
Үнүңүз жакшы экен чыгармачылыкка ийгилик
26.12.2019. 16:04
 iman16
Маанисин эми тушунуп, угуп жатам. Соонун ыр экен. Мен жонундо айтылгандай го...)))
22.04.2020. 09:05
 muras111211
Соонун ыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо