Аваз Акимов "Гүл кыздар"
03:26
3,15 Мб
Жүктөлгөн: 20-01-2011
Сөзү: Ж. Абдраимовдуку
Обону: С. Бейшекеевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.27/5
(11 добуш)
Арнаймын мен, арнаймын ак дилимден ырым силерге,
Аруу жүз, ак сүйүүнүн көркү силерде.
Ак куу моюн, ак маралдай кыргыз кыздары,
Чамам да жок, чаркым жок баарын сүйөргө.

Кайырма:
Гүл кыздар,
Эмне үчүн сулуусуңар?
Эзилген жүрөгүмдү,
Эмнеге туйбайсыңар?
Гүл кыздар,
Гүлгө окшоп жайнайсыңар.
Күлгүндөй жаш жүрөктү,
Күн-түнү арбайсыңар.

Айгеримдин чийилген каштары жагат,
Айперинин керилип басканы жагат.
Жамилянын жайдары күлкүсүн кантем?
Айнуранын жолукпай качканы жагат.
Кайырма:

Көнүп калган окшоймун го,
Жеңил олжого.
Эми кантем, капырай, калдым ортодо.
Бирисин да калтырбай мен кыргыз кыздарын,
Бүтүн баарын сүйүп калдым, ой тобо.

Комментарийлер (14)

21.01.2011. 06:07
 synchykgz
Аваз бул ырын анча чыкпаптыр озун деле билгендирсин?
Ошондуктан Берки ырларына окшогон эле ыр жаратсан сонун болот!
Ийгилик!
06.09.2014 23:57
Bolya8892
synchykgz, комментарийлер кызык экен
21.01.2011. 09:59
 takeshaman
ыр чыгыш стилинен тез эле алдоо жолу менен ийгиликсиз эстрада стилине отуп кеткен, капа болбо, башын аягына чейин чыгарган эмессин.
21.01.2011. 17:15
 Асылжан
Кээде сындайт десе эле обу жок сындай беребиз. Анча-мынча ырларга караганда сонун эле болуптур,сюжет бар, шаңдуу музыка, жагымдуу үн.Дагы эмне жетпейт? Аваз,азаматсың алга!!!
27.09.2013 20:44
bakalbaev.mirlanbek
Асылжан, Молодец
23.01.2011. 03:33
 Fernando
Asyljan ha hah ah ahah ah haha hhaa
26.01.2011. 00:16
 МээримКа
кулкулу сонун ыр экен)
30.01.2011. 13:59
 Barika
Жакшы чыккан мага жакты, Алга, ийгилик Аваз Акимов!
30.01.2012. 17:36
 eliza93
азаматсын Аваз.алга,тайманбай аракетинди жасай бер
03.07.2012. 11:44
 Kg_boy3239
азамат Аваз алар суйлой беришет!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
10.08.2012. 13:32
 urya.kg
ну ты бавник
08.12.2012. 23:16
 Eshmanbet
эээээ жердеш азаматсын ийгилик
24.06.2013. 00:05
 asyl85
жакшы ыр экен
27.09.2013. 20:48
 bakalbaev.mirlanbek
Сенин атын жакты мага менин кызымдым атын Асылжан койгом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо