Дайыр Исмадияров "Жомок"
03:14
2,97 Мб
Жүктөлгөн: 15-11-2010
Сөзү:К. Тайчабаровдуку
Обону:А. Такырбашевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(7 добуш)
Өмүрдүн майданы,
Өзүңдү мага арнады.
Коё бербейм, жаным,
Жүрөккө бекем кармаймын.
Жайдары жүргөн көңүлүм сенсиң,
Бакытты сүйгөн өмүрүм сенсиң.
Тагдырым берген белегим сенсиң,
Сезимден келген желегим сенсиң.

Кайырма:
Алтыным, жан эркем,
Суктанам көздөрүмдү ала албайм.
Токтобойм, берекем,
Арзыган сөздөрүмдү кайталайм.

Махабат сапары,
Өзүңө келип токтотту.
Жөнөкөй күндү,
Жомоктогуга окшотту.
Эч кимге бербес аярым сенсиң,
Сүйүүмдө жалгыз баяным сенсиң.
Кыялымдагы жубайым сенсиң,
Өмүрдү бирге улайын деймин.

Кайырма:

Жан эркем, бакыт үйүн бир куралы,
Жанында гүлдөп турсун сүйүү багы.
Алсырап кетпесинчи сезим күчү,
Алоолоп жана берсин дагы, дагы.

Комментарийлер (16)

15.11.2010. 17:22
 ruor
Алга Дайыр эчнерсеге сынба келечек биздин колдо!
15.11.2010. 17:22
 baibolot uulu azamat
Сонун ыр экен! Клиби дагы сонун болсо керек?!
15.11.2010. 22:30
 timika
мага да жакты.кайгылуу ырларды ырдай бербей ушундай конул которо турган ырларды да ырдагылачы!озгочо мага бул создору жакты:
Жан эркем, бакыт үйүн бир куралы,
Жанында гүлдөп турсун сүйүү багы.
Алсырап кетпесинчи сезим күчү,
Алоолоп жана берсин дагы, дагы.
16.11.2010. 04:50
 Elboto
Superrr !!!! maga lichnoo jaktii !!!! h
16.11.2010. 10:10
 raim
позитивная песня!так держать Дайыр ты супер!
19.11.2010. 13:39
 Pakal
Даке, жакшы ырдапсын. Азамат!!! Ушунундан жазба
22.11.2010. 14:05
 Prettykggirl
Superrrrrr!!!Maga jakti !!!Molodets Dayr baike)) tak derjat!!!1
22.11.2010. 18:25
 aiya
Дайыр байке это песня просто нечто. вы просто класс. я вас ценю и уважаю как старшего брата.
23.11.2010. 11:11
 ide
зажигательная песня!прям настроение поднимает.супер.
23.11.2010. 11:39
 kukacha
sozdoru jak6y eken.krasav4ik
24.11.2010. 13:25
 asanchik
акыркы убакта ырчылар жалан гана жай ырларга отуп алышты.Дайыр азаматсын жай ырларында жакшы, бат ырларын да жакшы чыгыптыр.Бул ырын мага аябай жакты!
25.11.2010. 15:57
 jirgalbek
жакшы ыр экен кача кочурууго болот?
16.01.2011. 17:58
 akter
оооооо реальный ыр болуптур....молодец..
бияктагы орустарга да жакты.......прикинь..
02.03.2011. 15:32
 azizbek93
анча эмес!!!!
12.06.2011. 14:28
 teleport
дайыр класссссссссссссссс
21.06.2011. 11:37
 BMW7
ушундай да ыр болобу биздеги азыркы жаш ырчылардын баарынын стили окшош и ыралырын мааниси жок эптеп-септеп тяп-ляп деги аман болушсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо