АГК тобу "Шерине"
03:50
5,26 Мб
Жүктөлгөн: 24-01-2011

Бул ыр Бек Борбиев менен биргеликте аткарылган
Жанр: Эстрада
Сөзү:Б.Борбиевдики
Обону:Б.Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(25 добуш)
Бар элимдин сайраны,
Күлкү, ырдын майрамы,
Биздин шерине.
Акын, ырчы, шайырлар, ай,
Төрүбүздөн байыр алып,
Келгиле бизге,
Келгиле бизге.

Кайырма:
Чапкын атты, чабарман,
Чакыргыла, кабар бергиле.
Бүгүн бизде шерине,
Келгин, тууган, достор, келгиле.
Шери, шери, шерине,
Шаң тарасын кыргыз жериме.
Шери, шери, шерине,
Шаң тарасын кыргыз жериме.

Капалыгың алыс качар,
Кубандырып көңүл ачар,
Биздин шерине.
Күнү тынбай ырдашабыз,
Таң атыра сырдашабыз,
Келгиле бизге,
Келгиле бизге.

Кайырма:

Бар элимдин сайраны,
Күлкү, ырдын майрамы,
Биздин шерине.
Акын, ырчы, шайырлар, ай,
Төрүбүздөн байыр алып,
Келгиле бизге,
Келгиле бизге.

Кайырма:

Комментарийлер (32)

25.01.2011. 12:28
 Abylai
Бек Борбиевке АГК менен ырдаган жарашат экен Ал турсун сонун болот экен , уккулуктуу кайталап уксан да тажабайт экенсин
26.01.2011. 00:42
 aziattita
болот мурункусна жетпей калса керек деп ойлоп койдум
26.01.2011. 14:06
 SIMA
АГК, тобуна ийгилик каалайм
28.01.2011. 14:08
 elzat
Абдан сонун болуптур!Азаматсынар!Ийгилик АГКтобуна биз сиздер менен!!!Дагы чыгармаларды кутобуз!
28.01.2011. 22:03
 baby
Супер ,100% позитива.молодцы так держать
28.01.2011. 22:06
 baby
АГК азаматсынар силерден жаны жаны чыгармаларды кутобуз
29.01.2011. 02:23
 milli
Meladze menen VIA GRA
29.01.2011. 03:32
 aminali
bEK BAIKE IRDAGANDI IRDAP ALIP,GULWAIR EJEGE AKTANGANI JAKPAI KALDI.
29.01.2011. 04:44
 Chippolino
milli:"Meladze menen VIA GRA"-----superskiy kommentariy!!!!Okup alyp jaaman boorum ezilip kaldy.Kopton beri ot dushi kulo elek elem.milli---RAHMAT!!!
30.01.2011. 15:01
 sezim
шеринеге баралыбы:) угуп отургун келет...эн жакшы!!!
31.01.2011. 01:29
 aygulya
карап коюнуздарчы инфо Москвага такыр эле эч нерсеси ачылбай жатат жада калса макалалар да ачылбай жатат сиздерден сураныч инфо дагы бир жолу карап корунуздорчу?
31.01.2011. 02:31
 Karagat
Эн сонун ырдашыптыр, силерге ийгилик каалайм! Чын эле уккандан тажвбайсын, чарчаганынды унутуп каласын.
31.01.2011. 02:41
 Karagat
АГКнын кыздары ар кандай кыйынчылыктар боло берет,биздин умутубуз чон силерде!!!
31.01.2011. 18:03
 ymyta
жакшы,эн сонун..
01.02.2011. 09:41
 Maxabat
Баарыныкынан Айжамалдын эле уну жакшы! Азамат!
01.02.2011. 16:43
 Kushchu
Баарынар эле шундук мактап салгансынар го... Бул ырдын эски вариантын угуп коргулочу биринчи, ага салыштырганда бул варианты бир топ артта эле калат. Жаны ыр чыгара албай эле ушинтип эски вариантын кайталап ырдай берип тоту-куш боло бергиле урматту ырчылар
01.02.2011. 17:12
 talantbeck
Aijamaldyn ununo shek keltirgen KGda adam bolboso kerek deb oyloym,ayabai janduu,tunuk anan nak kyrgyzcha un go deym :)
03.02.2011. 15:03
 salidat8087
Издешпей табышкан ырчылар,азаматтар,соз жок дагы коп коп ырларды бирге ырдагыла...
17.02.2011. 04:00
 Arstan
Эскиси да азыркы варианты да сонун болуптур,азаматсынар АГК жана Бек байке.
27.02.2011. 01:00
 kuttum seni
Шери шери шерииииинеееее ухууууу кайф!!! Айжамалды олллллллло сыйлайм! Кайрыктары тим эле журокко тийип отот! Чоооон чоооон ийгилик каалайм! Бек байке АГК - Супер квартет!!!! СУпер ЫР!!!!
30.03.2011. 06:32
 MARAL
Эн сонун ырдалган ыр болуптур...Озумдун студент кезимдеги шеринелерди эстеп кеттим..эхххх
12.04.2011. 16:26
 Aslana
Бул ырды уккан сайын студент кездеги шеринелер эске тушуп жатат.
07.06.2011. 16:58
 Aiperim
Эн сонун команда болуп калат экенсиздер! Ырга просто слов нету! супперрррр!
01.04.2012. 14:24
 nazibolotova777
Биздин шерине ушул ыр менен башталат :)
05.04.2012. 09:13
 towa
molodsy. en sonun yr! aijamaldyn ununo soz jok. ar daiym kyrgyz elin uwundai yrynar menen suiuntup juro bergile.
13.04.2012. 01:25
 shayr4ik.kg
Super ыр эң сонун !
23.05.2012. 18:59
 ayildik_kiz
Эн сонун ыр экен,Алайга шеринеге барганда уккам,бирок ырдай албагам тексттин билбейт элем эми ырдайм го !Рахмат
19.06.2013. 13:06
 Snoop
♠♠♠
08.09.2014. 10:53
 Sultanim
АГК жада калса ундорунор да окшош экен.кыргызга эмгек синирген ыочыларсынар журогумдо! Жок болбой чыккылачы...
21.09.2015. 23:12
 Nur9397
минустовкасы барбы ушул ырдын?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо