Омар "Энекем"
03:06
2,84 Мб
Жүктөлгөн: 10-02-2011
Сөзү:А. Өмүркановдуку
Обону:А. Керимбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.91/5
(11 добуш)
Энекем, энекем, энекем,
Дүйнөдө теңдешки берекем,
Мен дагы дени сак болоюн, ай,
Оорубай жүрө көр сен эсен.

Болсом да атасы баланын,
Өзүңө дагы эле баламын.
Үшкүрүп каласың, алыска, ай,
Үйүңдөн узаса карааным.

Жашоого от болуп жагылдым,
Жаңылдым, чагылдым, кагылдым.
Мен эми эч кимден таба албас, ай,
Энелик мээримиң сагындым.

Кырсыктан колдогон тумарым,
Кыйшайсам түзөтүп турарым.
Кырк жылга кабарсыз кетсем да, ай,
Кыйкырып алдымдан чыгарым.

Комментарийлер (23)

10.02.2011. 15:55
 4ika
Омар азаматсын
10.02.2011. 22:53
 naka
Ochen' staraya pesnya, no klassnaya v ispolnenii Omara!!! Omar tvorcheskih uspehov!!!
11.02.2011. 00:17
 aygulya
азаматсын Омар ар дайым булбулдай унунор очпосун
11.02.2011. 15:39
 janchar
Erlan Andaw myndan jakwy yrdagan
11.02.2011. 15:41
 janchar
Apakem kaida men kaida
......................
apakem ui saap koroodo degen yr bolchuu ele. kichine kezimde ukkan elem owol yrdy tappai jurom.bolso juktop koigulachy suranych
11.02.2011. 16:27
 meerimkaa
o4en ponravilos :D
11.02.2011. 16:33
 gulbarchin
когучконум деген ырды жуктоп койгулачы суранч
карегинден кагылайын когучконум
суйбосон суйгун деп жалынбаймын
....................
журок байкуш алоолонуп сени самап деген саптары бар сураныч еч таба албай койдум
12.02.2011. 00:11
 АйАй
Сонун ыр кичине кезими эстеп кеттим!
12.02.2011. 18:55
 aminali
Men da Kogu4konumdu izdep jurom,surani4.
13.02.2011. 01:33
 gulnura
ehhh...enekemdi sagyndym....((((...! sonun yr eken.Azamatsiz,Omar bayke!Enekeler ar dayim aman bolushsun!!!
14.02.2011. 03:01
 erkekbala
Азаматсын!
14.02.2011. 12:57
 smile
Azamatsyn !Omar!!!, Unu Soonun!!!En kymbat Bizdin Eneler Bar bolushsun!!!
16.02.2011. 19:26
 erkekbala
Жакшы ыр экен, жакты мага.
17.02.2011. 03:23
 Arstan
Комуздун куусу менен сонун чыгыптыр. Уну жакшы экен сонун ырдаган.
18.02.2011. 01:33
 monolova
alysta jurgon meni sagynttyn iylattyn ozum da bir kichinekey kyzdyn Enesimin
18.03.2011. 10:09
 toktokan
абдан сонун ыр, энелерди баарыбыз ушинтип эстеп, сыйлап журсок, рахмат сага Омар
11.04.2011. 23:07
 esengulovaida
Омар минусун берчи.
15.04.2011. 18:10
 mek
Omar azamatsyn !!!Enendi kozu barda barktap , urmattap al!!en sonun atkarypsyn Rahmat!!!
18.04.2011. 16:21
 Eliza
Негизи илгерки эле ырлар маанилүү экен
22.04.2011. 01:43
 Marat Musabaev
Эркек
28.05.2011. 22:47
 manas83
Аябай жакшы ырдаптыр.жеткиликтуу кылып.Азаматсын Омар.
28.05.2011. 23:40
 Narynbek
Энемди эстеп көзүмөн жаш тегеренди.Азаматсың Омар жүрөктөн чыгара ырдапсың!
05.05.2012. 22:57
 MoonWalker
Аябай жакшы ырдаптыр оранжировкасын ким жасаса да молодец Омар тоже.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо