ЖанЭл "Кайрылбайсың"
03:39
3,35 Мб
Жүктөлгөн: 10-02-2011
Сөзү:А. Алымовдуку
Обону:Корей элиники
Көчүрүү
  • Currently 2.33/5
(9 добуш)
Алсызмын күн санасам,
Ашыгым, жол карасаң.
Таштадың жалгыздыкка,
Билбедиң муздаганымды, жаным.
Оорутуп кыйналганымды,
Көзүмдөн электеген.
Элесиң кетпейт менден,
Кабарың кай тарапта?
Сезбедиң сыздаганымды, жаным,
Сезимди булгаганыңды.

Кайырма:
Мен сагынычтан сыздап,
Карап жолду.
Мен санааларга батып,
Арман толду.
Сен кайтпас алыста,
Жол таппай барышка.
Кеттиңби менсиз алыска?
Сен сапарыңдан кайтпас,
Бастың жолду.
Сен мага айткан сөзүң,
Жалган болду.
Мен сүйгөм өзүңдү, өмүрүмдү,
Арнаймын өчпөс дүйнөмдү,
Сүйөмүн өзүңдү.

Жетпедим күн санадым.
Келбедиң жол карадым.
Жашаймын сагынычта,
Укпадың сураганымды, жаным,
Бир сен деп кубанганымды.

Кайырма:

Комментарийлер (9)

10.02.2011. 18:29
 Dinotopia
Азаматсын, ЖанЭл! Мага бул ыр аябай жакты. Кууп журуп угуп журом. Менин конулумо туура келген ыр. ЖанЭл, сага ийгилик.
11.02.2011. 04:08
 Nurilya
сооонун!))
14.02.2011. 15:58
 Gul9

A.N.Jell Ты прекрасен! деген сериалдан алынган ыр го...мага жаккан болчу корейский версиясы. Кыргызчасы да жакшы болуптур))
17.02.2011. 03:37
 Arstan
Уга руган ыр экен.
19.02.2011. 04:35
 Ilays
Жакшы ыр экен, обону да жакты.

24.02.2011. 20:37
 4opik
Мага бул ыр абдан жагат,озу дагы абдан сулуу айым,мен колдойм.
04.03.2011. 23:44
 Bemus
корейская версия полюбому лучше.но она тоже нормально спела.мне понравилось.обожаю "Ты прекрасен")))
07.03.2011. 02:59
 SARMAT
азаматсын бийкеч)))
17.04.2015. 17:04
 munara.aidarova
ой баа, Нурсулуу эженин суйгон ыры да бул :-))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо