Аскат Мусабеков "Аруузатым"
04:01
3,68 Мб
Жүктөлгөн: 18-11-2010
Сөзү:Э. Иманалиевдики
Обону:Э. Иманалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.78/5
(37 добуш)
Аруузатым, ай чырагым, аппагым,
Сени көрүп мен тазара баштадым.
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качанкы бир мен жоготкон асманым.

Кайырма:
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбаска кеткенче.
Карындашым, кагылайын, мага бир жолук.

Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн,
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм.
Өзүң менен айыкчудай сезилип,
Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм.

Кайырма:
Тагдыр, мени каалагандай калчадың,
Акың калса, алып бүтчү, чарчадым.
Жаштык узап кете электе бир жолу,
Жашоо берчи жашылындай арчанын.

Кайырма:
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Арман болуп дүнүйөм,
Айрылганча сүйүүдөн.
Аруузатым, айланайын, мага бир жолук.

Комментарийлер (56)

07.02.2011. 14:26
 moinok
Куну жок керемет чыгарма!
18.03.2011. 11:30
 LIVER
Тагдыр мени каалагандай калчадың,
Акың калса алып бүтчү чарчадым.
Жаштык узап кетелекте бир жолу,
Жашоо берчи жашылындай арчанын- кандай гана кайталангыз керемет создор!
18.03.2011. 11:54
 Janyla
супер...ырдын мааниси,,обону...уну баары супер)))
27.03.2011. 19:44
 Dilnura
сонун
01.04.2011. 13:57
 jemchuk
Эн сонун ыр, манызы да терен ушул сыяктуу ырлар коп болсо дейт элем
23.04.2011. 19:22
 Adilet Aitikeev
Элмирбек байке ырдаган ырлардын баары сонун. Баракелде Элмир байке!!!
12.08.2011. 11:51
 honestbek
Азамат абдан уккулуктуу ыр экен огуну айылыма барып жол бою уктум
22.08.2011. 14:51
 g.lady
Соз жок! Кайра-кайра уккандан такыр тажабайсын! Элмирбек менен Аскат азаматсынар!
26.08.2011. 14:33
 Green_Q
+100500
07.10.2011. 15:40
 Toktobubu
Аруузатым атына заты жарашкан ыр болуптур. Авторго кааларыбыз мындан ары да жакшы ырларды жарата берсин, б.а. ырдын уландысын чыдамсыздык менен кутобуз. Мындан кийинкиси мындан да жакшы болсун.
17.10.2011. 13:45
 Toktobubu
Азаматсын Аскат жакшы аткарылган ыр.Ар бир адамдын конулуно жагат. Элмирбектин оркуну осо берсин дагы жакшы ырларды жаратын каалайм!!!
18.10.2011. 10:58
 LadyD
сооонун ыр экен!!!!!!!!!!
07.11.2011. 16:30
 kaiyr
ваааааай сонун го)
10.12.2011. 06:30
 burana
да абдан жакшы ыр экен уккулукту
05.01.2012. 11:57
 bossalmanbetov
болуп корбогондой сонун ыр экен абдан жакты ийгилик сизге
06.01.2012. 09:09
 altynbek-
баракелде соону ыр сендейлерге алга
04.02.2012. 22:57
 liza25
Эн эле сонун создор мааниси уккулуктуу ийгилик маанили мазмундуу чыгармаларды жарата бериниз!
27.02.2012. 01:04
 МАЛЫШ
Оууу соонун ыр кен гоо.....кайра кайра угуп тажабадым
04.04.2012. 23:09
 A.Isakov
Супер!
07.04.2012. 16:25
 urmatto
Сонун ыр экен,мага аябай жакты...
29.04.2012. 20:53
 Nuru88
сураныч жаны чыккан Лейли деген ырын да киргизип койгулачыыыыыыыы........сураныыыыыч
30.04.2012 10:09
MiranA
Nuru88, http://www.super.kg/media/?type=audio&id=57717
15.08.2012. 02:00
 askat1985
Супер
08.01.2013. 21:08
 nuriza_kg_2011
Кимге арналды экен????
31.01.2013. 16:06
 SOLITARY
Соооонун ыр да...менин кызымдын аты Аруузат деп койгон элек...кызымдын ыры бар..баардыгы ырдап эле калышат
31.03.2013. 23:12
 joni040494
Жакшы Манилу
24.04.2013. 12:52
 senchi
менин 3 жашар балама да ушул ыр жагып, карындашым ырды таап бер деп бир кун кечке ыйлады, айылда же шарт жок ырды кочуро койгонго, Аскат дагы да шедевр ырлады созолонто ырдай бериниз, ийгилик сизге
23.10.2013. 15:03
 Kriss
Аскат азматсын, келиштире аткарган
20.05.2014. 22:51
 jumatone
Ушул ырды автордун аткаруусунда болсо жуктоп койсонуздар
21.05.2014 11:04
admin_superstan
jumatone, сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
23.05.2014. 10:12
 nurkasym-2014
Чыныгы талант,Уну да жакшы Аскат Мусабековдун талантына баа берем.Чындыгында Жакшы ырдайт.
19.06.2014. 00:46
 karlik
Ушул ырды автор Элмирбек Иманалиев озу комуз менен аткарганын жуктоп кое аласыздарбы
19.06.2014 10:11
admin_superstan
karlik, сунушуңуз эсибизде.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо