Назира Токонова, Чыңгыз Мырзаев "Сагынарым"
03:43
3,24 Мб
Жүктөлгөн: 18-03-2011
Көчүрүү
  • Currently 4.81/5
(21 добуш)
Көп ичинен таптым дедиң,
Көздөрүмө жактың дедиң.
Терең болот биздин сезим,
Теңдеши жок бактым менин.
Капыс жерден кабылганым,
Карааныңа жагылганым.
Жакшы оюмдун жагымдарын,
Жалгайм сага барын, барын.

Кайырма:
Жанашып жанга жаның,
Жай бербей ичте жалын.
Жаңырат кулагыма,
Эркелеп жалынганың.

Өтө жакын көрөөрүмсүң,
Өмүрдөгү өбөгүмсүң.
Жан сырымды төгөөрүмүң,
Жандай көргөн жөлөгүмсүң.
Сенин барын кандай бакыт,
Сагынаарым ойго батып.
Жакшы үмүткө жакын тартып,
Жашап өтөм жанып, жаркып.

Кайырма:

Табылып сендей адам,
Табыңа күйүп жанам.
Жогуңда сен жанымда,
Жолуңдан издеп барам.


Комментарийлер (16)

19.03.2011. 02:25
 deer
sooonun ir eken
19.03.2011. 15:31
 tago
аранжировкадагы индиялык муз. инструменттерин алып салса болмок.
19.03.2011. 21:26
 TolonturCN
Кыргыздык жыт келип турса эмне
20.03.2011. 06:05
 АйАй
Сонун унунор бири-биринерге топ келген!!!!!!!!
24.03.2011. 11:22
 KANAT85
Бышкан тамака сынчы коп дейт эмеспи,баары жакшы чоон рахмат!
29.03.2011. 15:19
 KG Kang KIM
Жакшы ыр экен ушул кыздын дагы бир ырын радиодон уктум болчу ошол ырдын атын билгендер барбы?)))))
02.04.2011. 04:52
 Naziku
soonun yr,mykty yr4ylar.menin en jakwy korgon yrlarymdyn biri. Alga kyrwgyz yr4ylary.
30.04.2011. 05:34
 Taison
5
19.07.2011. 09:58
 Malika88
Эсенгуловага караганда ундору бири бирине туура келиптир
555555555 деген бааа берем
20.07.2011. 15:11
 Protokol
Эн сонун ! Ардайым ушундай элге уккулуктуу ырларды тартуулап журо бергиле!
13.09.2011. 01:50
 LOVE_IS
Чынгыз азаматсын, кантсе да озумдун инимсин да
10.07.2012. 13:40
 Aida91
Эн жакшы
13.08.2013. 01:45
 barky312
Эң сонун чыгарма. Жакты мага
14.01.2014. 02:30
 Asianat
Эн сонун чыгарма,азаматсынар,чыгармачылык ийгилик,!!!!!!
08.05.2015. 22:14
 munara.aidarova
Ырдаган ар бир ыры журоко барат го
25.01.2017. 15:47
 Ashka.
Ушул ыр жагат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо