Шахра Талипова "Барам сага"
03:24
3,89 Мб
Жүктөлгөн: 23-03-2011
Сөзү:Э.Ибраевдики
Обону:А.Бедияровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.57/5
(7 добуш)
Таң шооласы нур чачканда,
Тал-теректер бүр ачканда.
Кыр-кырлардан кол булгалап
Кызгалдактар гүл ачканда

Кайырма:
Алга сүрөп үмүт гана,
Алоолонуп күйүп жана.
Бар жогума кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.

Жылдыз көктө тагылганда,
Жылгадан суу агылганда.
Алтын сөйкө сыяктанып,
Ай кайрадан жаңырганда.

Кайырма:

Дайра толуп чамынганда,
Дарак жоолук салынганда.
Санаам сары саман болуп,
Сага карай агылганда.

Кайырма:

Комментарийлер (3)

23.03.2011. 19:26
 Eliza
Эң сонун ыр.Сөзү менен обону төп келишкен.Ыр деп ушуну айтса болот!
26.11.2011. 17:24
 men70
Ушул керемет ыр жараткан Э.Ибраев жана А. Бедияров агайларыбызга, ырдын коркун ачкан Шахра эжеге ыраазылычык!!!
26.01.2012. 22:03
 janetta
Укмуш башкача сонун ыр!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо