Айпери Кубик кызы "Ата-эне"
03:39
8,36 Мб
Жүктөлгөн: 24-03-2011
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Аска-зоодон ар пендеге кут келер,
Арча тоодон өмүр берген жыт келер,
"Адам болчу, айланайын" деп айткан,
Акыл айткан алтын атам бир келер.
Араласа тамыр менен кан келер,
Адамзатка тирүүлүктө жан берер,
Алтындан да кымбат болгон асыл зат,
Ардактаган алтын апам бир келер.
“Адам бол” деп бизди багып чоңойткон,
Акыл айтып аң-сезимди ойготкон,
Ата-энеден ашык нерсе бар бекен,
“Алтыным” деп мүнөт сайын ойноткон?

Кайырма:
Ар дайым ата-энем, ата-энем, ата-энем, ата-энем,
Бар болсун дагы эле, дагы эле, дагы эле, дагы эле.

Өмүр бою сый көргүлө, ата-энем,
Оорубастан бир жүргүлө, ата-энем,
Бага турган, карай турган кез келсе,
Балдарыңдын милдети бул дагы эле.
Кыз-келиндин кызматын көр, ата-эне,
Уул-кыздын урматын көр, ата-эне.
Колдон келсе чоңойсок биз дагы эле
Сөз беребиз айтканыбыз чын эле.
Жүргөн экем эч нерсени ойлонбой,
Жүрөгүм жаш али турат ойгонбой,
Жүзүңөрдөн күлкү кетпей, жашарып,
Жүрсөңөр дейм он беш жашта болгондой.

Кайырма:

Комментарийлер (12)

24.03.2011. 18:15
 Maxlan
ооо ... неужели Мен биринчи комментарий берип жатам ... Вах-ха-ахаааа.... ессссстььь....
ой Айпери кошулам Ата-Энени сыйлаш керек!!!
24.03.2011. 19:20
 shaltakpaltak
Bliin unu jok. Tatinakai bolushu mumkun birok beti menen irdabayt da.
25.03.2011. 01:49
 Demon
чын эле ырдаганды уйроно албады ...
25.03.2011. 02:54
 Barika
Бир жакшына ырдап жатат, мага жагат Айпери сага ийгилик, мындан дагы сонун ырларды жанырта бер!
25.03.2011. 07:56
 bekjangold
Мында карап турсан создорун эптеп эле жазып койгон сыяктуу, бирок музыкасы жакшы!
27.03.2011. 08:43
 lira
Yny Aiperini tashtap ketken go...?
29.03.2011. 01:03
 aminali
Sonun ele go Kubiktin stili da,maga jagat Toi-toi degen iri dagi.
31.03.2011. 22:27
 MIRDJAMELL
Супердеги сулуулар баарынар ырдасанар да болот...
04.04.2011. 21:19
 armi
maga ayabay jakty
30.06.2011. 14:51
 LIVER
Ужас голос
16.05.2014. 11:34
 Aziz91
Урматтуу модераторлор ушул ырдын минусовкасы керек болуп атат срочно таап бере аласынарбы?
16.05.2014 12:13
admin_superstan
Aziz91, Саламатсызбы!
Тилекке каршы, биз минусовкаларды жүктөбөйбүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо