Ынак Осмоналиев "Жеңе"
03:40
3,37 Мб
Жүктөлгөн: 22-06-2009
Сөзү:Жакут Сыдыковдуку
Обону:Ынак Осмоналиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(10 добуш)
Жумушум бардай байкеде эле,
Үйүңө барам атайын эле.
Ийилип сунган чайыңды унутуп,
Суктанып кечке караймын неге?
Караймын неге, караймын неге?
Карегим сизге кадалат жеңе.

Ак сүйүү болсо кечиктим беле,
Армандуу ишке кезиктим беле?
Жылмайып мени карап койсоңуз,
Сезиле берет сүйгөндөй эле.
Сүйгөндөй эле, сүйгөндөй эле,
Сиз мени сүйүп жүргөндөй жеңе.

Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе,
Айталбайм эми, сүйүүмдү деле.
Ак жоолугуңду сыйлап жеңеке,
Алыс жүрөйүн, аттиң ай, жеңе.
Аттиң ай жеңе, аттиң ай, жеңе,
Арманда сыздайм сүбөйсүң неге?
Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе.

Комментарийлер (19)

22.06.2009. 16:00
 Meri
Jakshy
22.06.2009. 19:54
 ХАНЗАДА
Ынак кайрандын кызгалдак менен гулдору калып женекеси турбайбы. ыр сонун.
22.06.2009. 21:18
 maksi
Ыр жакшы экен.
23.06.2009. 11:52
 timoshek
men emi ugam azyr
23.06.2009. 11:55
 timoshek
oo super.>!!!
24.06.2009. 22:54
 Бекнур Кыргыз
зор
25.06.2009. 14:15
 narnianboy
Unu jakshi irchilardan biri. Ushul stilden jazba Inak.
29.06.2009. 13:15
 Адыл
жакшы ырдайт соз жок ичин эзилет жон эле
28.07.2009. 15:27
 kola
Жакшы эр экен, Алга Ынак байке!
14.05.2010. 02:05
 maratbek
Таластын Шумкары да:)
14.07.2010. 15:51
 Baza
Эхх... Ынак женелерге кандай супер ыр арнаптырсын! Алга карай канат кага бер.
10.12.2010. 16:02
 Нургуль
ты супер
16.04.2011. 17:24
 Neznaika
Ырларыныздын баарынын мазмуну манызы жактан мыкты! Сонун ыр экен! Апама аябай ырларыныз жагат! Уйго барып угузам.
чон рахмат!
28.08.2011. 14:25
 semirbedim
кыскасы жакты.
29.10.2011. 13:00
 aza1000
ты супер ынак
17.11.2011. 12:42
 sashabek
Азаматсын эн жакшы
28.04.2012. 14:12
 Dimabek
Сонун ыр экен
06.08.2012. 20:01
 sabirdinovich
Женесин суйуп, бул ыр чатак ко?!
26.08.2012. 12:41
 Kamalbek
jakshy yr eken.Ynak negizi kai jerden bolot tugu kai jer aityp koigula4y
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо