Бураш "Болсоңчу мага табылга"
02:39
2,44 Мб
Жүктөлгөн: 04-04-2011
Сөзү:Калбүбү Шермат кызыныкы
Обону:А. Такырбашевдики
Көчүрүү
Шылдырап аккан булактай,
Сыпайы сылык убактай.
Сыр чечишип бир жүрсөк,
Зымпыйган жаштык курактай.
Кайырма:
Жамалың сиңди каныма,
Муктажмын сенин камыңа.
Муз тоңдурбай жүрөккө,
Отурчу келип жаныма.
Аралап басып бир жүрсөк,
Адырдын кызыл гүлдөрүн.
Арбап алдың жанымды,
Ак шумкар болуп үндөйүн.
Кайырма:
Жакындачы жаныма,
Жаңсайын дагы, дагы да.
Бозойдун болуп сүйгөнү,
Болсоңчу мага табылга.
Комментарийлер (6)