Эдил Маматов, Абаз Муратов "Ырчы жигит"
03:22
3,08 Мб
Жүктөлгөн: 05-04-2011
Сөзү:Кайрат Примбердиевдики
Обону:Кайрат Примбердиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.45/5
(11 добуш)
Ак баракка сөзүн жазып,
Обонун жүрөккө сактап.
Түн ортосу ойго батып,
Ал жигит уктабай жатат.

Кайырма:
Кызды сүйгөн ырчы жигит,
Ушунча уялчаак беле?
Сезимдерин айта албастан,
Обон кылып ырдай берет.

Махабатын көрктөп турган,
Жаз күнүндөй кыз көңүлү.
Ак сүйүүнүн ырларына,
Алып учат жаш жүрөгү.

Кайырма:
Кыз жактырган ырчы жигит,
Сезимдерин айтпаса да.
Анын сулуу ырларынан,
Түшүнгөндөй уга берет.

Күндөр өтүп, жаз да келди,
Эки жүрөк жолугушту.
Айлуу түндө сыр чечишип,
Ал кечте бирге болушту.

Кайырма:
Ак сүйүүсүн обон кылып,
Ырчы жигит ырдап турса.
Жаш сулуунун жүрөгүндө,
Сүйүү гүлү гүлдөй берет.
Аппак сүйүү түбөлүккө,
Жүрөктөрдө жашай берет.

Комментарийлер (14)

05.04.2011. 16:23
 tago
ушул ырды коптон бери издеп журдум эле сонун болду, "Талас-Бишкек" киносундагы саундтрек
06.04.2011. 16:17
 tago
Ой "Аят" фильминдеги саундтрек дегеним
07.04.2011. 10:32
 andormeda
Орустар айтмакчы "невинный" ыр, каалайсынбы. каалабайсынбы таза, тунук суйууго ишенип кетесин. Жигиттер азамат!!!
28.09.2012 21:42
balykchydan
andormeda, туура айтыпсыз. толугу менен кошулам. а ыр болсо аябай жагымдуу экен
08.04.2011. 09:49
 kanulya90
Мага аябай жагат ушул ыр, ийгилик сиздерге!
03.07.2011. 19:04
 masr88aza
Красавчик! Жигиттер так держать!Красавчик! Жигиттер так держать!
08.07.2011. 01:40
 Lyuza
Сонун жакты эми клип да сонун болсо керек кутобуз))
15.09.2011. 02:19
 aminali
Irdagan bala tatinakai eken .
31.10.2011. 03:14
 mikola
klip vrode chikti ele go, a emne saytta emgiche joook?
10.01.2012. 17:21
 Chynyshka
Мен ушул ырды 1 жылдан бери издеп жаттым эле! суппер силерге рахмат!!! соонун ыр!
11.09.2012. 11:37
 Шаиста Шатманова
Кайрат азамат!
21.10.2012. 20:33
 asylzat_meka
мыкты ыр! рахмат!
28.03.2013. 19:48
 kurman911
эх
18.04.2014. 11:14
 admin_media
Joodarbek,
Сунушуңуз эске алынат.
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо