Замир Арыкбаев, Съездбек Искеналиев "Айнаш"
03:28
7,96 Мб
Жүктөлгөн: 25-04-2011
Сөзү:Б. Сарногоевдики
Обону:Н. Давлесовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.63/5
(8 добуш)
Сен дагы да сүйдүң Айнашты,
Мен дагы да сүйдүм Айнашты.
Экөөбүз аз, экөөбүз аз келгенсип,
Дагы бирөө, дагы бирөө,
Дагы бирөө жармашты.

Жалбарынып-жалынып,
Эчен катты сен жаздың
Карегинен кагылып,
Эчен катты мен жаздым.
Эй, Айнаш, Айнаш,
Айнаш, ой, Айнаш, ой,
Айна, Айна, Айна, Айна,
Кайда? Кайда? Кайда?
Айнаш, ой, Айнаш, ой?!

Бирок эле сулуу биздерди,
Сүйөмүн (а) деп да айтпады.
Же болбосо, же болбосо таптакыр,
Сүйөмүн деп, сүйбөймүн деп,
Сүйөмүн деп, сүйбөймүн деп айтпады.

Ачык жообун ала албай,
Арман кылып биз жүрдүк.
Кээде сени деп коюп,
Кээде терең үшкүрдүк.
Эй, Айнаш, Айнаш,
Айнаш, ой, Айнаш, ой,
Айна, Айна, Айна, Айна,
Кайда? Кайда? Кайда?
Айнаш, ой, Айнаш, ой?!

Биз жүгүрдүк (дагы) биз калдык,
Кыянаттык, (эле) ич тардык.
Сүйгөнүнө кыз кетип (ой)
Жүгүрүп, жүгүрүп, жүгүрүп, жүгүрүп,
Жүгүрүп, жүгүрүп, жүгүрүп, жүгүрүп,биз калдык.

Артта калып көп мезгил,
Ай айланып, жыл өттү.
Айнаш чыгып турмушка,
Ачыштырды жүрөктү,
Эй, Айнаш, о, Айнаш, Айнаш ой?!

Комментарийлер (7)

29.04.2011. 02:36
 Simpson
Datkaim buttu emi kezek Ainawta,konulduu eken go tim ele bilegim kelip ketti.
02.05.2011. 00:03
 bodrum
азаматсынар
27.05.2011. 14:07
 bonnefille
мага аябай жакты Simpson айткандай турагалып бийлеп кетейин дедим)))))
29.03.2012. 21:31
 baby
Менин 1,5 жашар балам ушул ырды укканда тура калып, АЙНААЧ деп ырдап бийлеп жиберет, ...Азаматсынар жигиттер!
23.01.2013. 16:49
 Aidaika92
Воще прикольное песня молодцы вам 5+
30.03.2014. 02:51
 Akjolbai110784
Абдан сонун ыр окуучулук кезди эске тушурот экен.
30.01.2015. 13:59
 Светлана Аширова
Эн сонун ыр! Ушул ырды озгочо жакшы кором! Ушул жакшынакай ырды кайрадан оригиналдуу кылып ырдаганыныздар учун чон рахмат! Азаматсынар,Эн сонун аткаргансынар! 5 жана дагы 5555555!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо