Бекчоро "Эне жүрөгү"
03:45
3,44 Мб
Жүктөлгөн: 29-04-2011
Жанр: Поп
Сөзү:К. Тайчабаров, Бекчоронуку
Обону:Бекчоронуку
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(3 добуш)
Баарынан тунук эне жүрөгү,
Энеден согот мээрим илеби.
Бапестеп багып, колуна алып,
Өстүргөн бизди эне тилеги.

Күн-түнү уктабай берип ак сүтүн,
Адам болсун деп жумшады күчүн.
Баарына даяр баласы учүн,
Айланат эне дүйнөнү бүтүн.

Кайырма:

Энекем менин, берекем менин,
Оюмдан чыкпас көлөкөм менин.
Дүйнөдө кымбат ,
Баа жеткис тамчы ак сүтүң сенин.
Энекем менин, берекем менин,
Күн нуру сымал мээримиң сенин.
Кадырлап, барктап, бапестеп алуу,
Тилегим менин...

Таманың алды бейиш турбайбы,
Таалим булагы дайым сыйлайлы.
Ырыс ынагы, бакыт чырагы,
Эне турбайбы, биз унутпайлы!
Апалап тургун өзү барында,
Баркын бил, сыйла көзү барында.
Көзү өткөндө, сенден кеткенде,
Кеч болот, сыйла өз убагында.

Кайырма:

Энекем менин, берекем менин,
Оюмдан чыкпас көлөкөм менин.
Дүйнөдө кымбат ,
Баа жеткис тамчы ак сүтүң сенин.
Энекем менин, берекем менин,
Күн нуру сымал мээримиң сенин.
Кадырлап, барктап, бапестеп алуу,
Тилегим менин...

Энекем менин, берекем менин,
Актай аламбы ак сүтүң сенин?
Дүйнөдө ыйык балдарың үчүн,
Мээримиң сенин...

Комментарийлер (10)

29.04.2011. 16:29
 kyz009
Браво Бекчоро игилик сага оркундой бер абдан жакшы ыр экен
30.04.2011. 15:12
 aimi
Abdan jagymduu yr eken!
A sizge kaalarym,talantynyz ta6kyndaibersin!
30.04.2011. 15:13
 aimi
Abdan jagymduu yr eken!
A sizge kaalarym,talantynyz tashkyndaibersin!
30.04.2011. 16:10
 Tokmok
dagy jakshylap ishtesh kerek obonunun ustundo....
04.05.2011. 12:17
 ROZI
Бар болушсун биздин кадырлуу Энелерибиз! Ак сутун жана ак эмгегин актаганга талыкпай аракеттенели!!!
11.05.2011. 22:53
 Ruslan91
Ийгилик сага Бекчоро
14.06.2011. 03:39
 Niyazbek Torobekov
Бекчоро укмуш ыр болуптур красавчик брат
15.07.2011. 01:35
 jami-76
ырчылык жолунда ийгиликтер болсун!!!!
11.10.2011. 19:28
 ulash
азамат бекчоро дерзай кереметтууу ыр экен жан дуйномду эзип жиберди энеси барла кадырлап калгыла тируу кезинде
11.09.2015. 00:24
 NurAika8795
Ээх апакем ай сагындым сизди ((((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо