Исирадин Аманбаев "Ай, гитара"
02:01
1,86 Мб
Жүктөлгөн: 29-04-2011
Сөзү:А. Кадыровдуку
Обону:И. Аманбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(7 добуш)
Жаштыктын жалындаган жылдарында,
Жүрчү элек Фрунзенин бульварында.
Андагы сенин күлкүң, менин күлкүм,
Калыптыр гитаранын кылдарында.

Кайырма:
Ай гитара, гитара ай,
Достоштук го биз далай.
Ачык мүнөз, жайдары,
Ошондогу кыздар, ай.
Ай гитара, гитара ай,
Сырдаштык го биз далай.
Токтоо мүнөз, жароокер,
Ошондогу кыздар, ай.

Эргиймин гитар үнүн уккан чакта,
Жүргөнсүйм сени менен дале бакта.
Ансайын тизмектелип өткөн күндөр,
Элестеп көзүн ымдайт алыс жакта.

Кайырма:

Жанымды гитар үнү жалындатат,
Сага деген сагынычымды калыңдатат.
Экөөбүз бирге жүргөн түндү самап,
Жүрөгүм туйлап бакыт даамын татат.

Кайырма:

Комментарийлер (11)

30.04.2011. 16:22
 Tokmok
eehhh nastalgiya.........
30.04.2011. 17:22
 Simpson
Негизи эски ырлардан көп жүктөлсө сонун болмок,кадимкидей эс аласың.
30.04.2011. 18:07
 Akyikatchy
Бала кезим,ушул ырынызды алгач укканда эле жактыргам.Созолонтуп кочодон коп жолу ырдап калчум.Бир куну айылдаш бир байкем "кимдин ыры"- десе,атынызды билбей бир очкарик байкеники дегеним эсимден кетпейт.Андан бери канча убакыт отсо дагы оригиналдуулугун жоготпоптур.Мына эмида кээде маанайым чоккондо кынылдап ырдап калчу болдум.Рахмат сизге агай,коп жашаныз ! Балалык баё сезимим менен очкарик деп айтканым учун кечириниз
22.12.2011. 18:04
 asca
Чыныгы ыр, чыныгы талант деп ушу айт. И.Аманбаевдин ырларынан дагы киргизип койсонуздар жакшы болот эле.
11.07.2012. 23:15
 Narynbek
Ушул ырларды ырдап чоңойдук эле.Абдан жакшы ыр.чыгармачылык ийгилик сизге!
09.12.2012. 08:58
 kurmanbek83
Эн сонун!!!
23.01.2014. 10:07
 Gulmayram
Кандай керемет ыр!!!
06.03.2014. 13:35
 Bolo
Чынында эле Керемет!
12.12.2014. 16:42
 ABAkg86
Талантка таазим!!!
22.02.2015. 15:18
 Nurlanchik
Ушул ырды Замир Арыкбаев ырдаган версиясын жуктоп койосуздарбы???? суранам
10.12.2016. 11:57
 Perii90
Чарчаганда угуп кадимкидей эс аласын ушул ырларды укканда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо