Гүлжигит Сатыбеков "Бакыт издейм"
05:47
5,3 Мб
Жүктөлгөн: 03-05-2011
Сөзү:Г.Сатибековдуку
Обону:Г.Сатибековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.48/5
(23 добуш)
Барбы өзү бул дүйнөдө бакыт деген,
Мөмөсүн кандай жандар татып жеген?
Таң эрте ойгоном да бакыт тилеп,
Кызарып күнгө кошо батып келем.

Кайырма:

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса.
Бакыттай, бакыттай,
Бакыттай сезилет да.
Келээрсиң, келээрсиң мага да,
Балким жазда.
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.

Барбы өзү, кандай неме сүйүү деген,
Жете албай канча жандар өксүп келген.
Саргайып тагдырымдан сүйүү күтүп,
Мен эми жашап калдым үмүт менен.

Кайырма:

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Сүйүүдөй, сүйүүдөй,
Сүйүүдөй сезилет да.
Келээрсиң, келээрсин мага да,
Балким жазда,
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым тамчылайт да.
Кечикпе!
Күтөмүн, күтөмүн ушул жазда,
Күтүүдөн жан дүйнөм,
Жан дүйнөм жанчылат да.

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым,
Көз жашым куюлат да.
Күтөмүн, күтөмүн,
Каректер толуп жашка,
Негедир ал күндөр келбестей туюлат да.

Комментарийлер (40)

17.09.2011. 11:55
 janym_88
Ушул Гулжигит Сатибековдун ырлары аябай маанилу бул ыры да жакты соонун экен
19.09.2011. 13:04
 Aimonchok
Ыйлагым келип кетти
25.11.2011. 03:55
 sauleshka
соонун ыр экен
11.12.2011. 20:57
 ChonAlay07
Гулжигит талантын ташкындай берсин, сенин талантынды ЧОН-АЛАЙлык аган сыйлайт.
19.12.2011. 18:18
 anarkyzy
Менин жан дуйномду окуп туруп, керемееет кылып ырдап салгандайго..."Тан эрте ойгономда бакыт тилеп" деп журокту эзетко.Ырларыныздагы жан дуйно жанырыктары керемет ыр эле болуп калсын,бактылуу болунуз! Эн сонун!
25.12.2011. 18:23
 Nurik_kg91
Супер ыр(((
08.02.2012. 06:28
 maniyaso
super... iygilik
01.03.2012. 00:38
 NaRgIZa_89
Alga baike vooshe soonun yr maga jakty
11.04.2012. 09:22
 Paiaz
Гулжигит аябай сонун ырдайт ырларыны радиодон коп берип турса сонун болот эле ишине ийгилик каалайм
19.05.2012. 17:47
 Bekzhan2012
абдан жакшы музыка
28.05.2012. 12:47
 aftan1987
сонун ыр экен мага жакты жакшы мындан да жакшы раак ыр чыгара бер ийгилик
09.08.2012. 20:45
 omo93
жакшы да
12.09.2012. 08:47
 Mirzhan
Chon rahmat! Gulzhigit chygarmachylgyna iygilik. Talantyndyn tamyry uzaryp, eldin batasyna kogorgun!!!
29.09.2012. 20:02
 omo93
сизди ырларыныз жанды эргитет
09.10.2012. 08:32
 ayildik_kiz
Мага да ыр абдан жакты!
06.12.2012. 00:49
 talant45
угуп отурсан,Ьек менен алмаштырып коичудаи экен уну,молодец жигиттин гулу экенсин, атына жараша заты бар экен,иигилик сага,
06.01.2013. 05:42
 Fernando
dushasy menen emes Elge jaksyn dep yrdap koiuptur.... no koment.. he
08.05.2013. 22:40
 Guli.kg.90
Maga jagatda uwul yr!
20.06.2013. 15:01
 guinura220811
журокторду эзип-эзип жибератда
19.10.2013. 01:42
 orupturatjurogum
Эркек маладец
02.01.2014. 02:30
 only_progress
Талантынызга таазим. Талантынызга ташкындай берсин.
01.02.2014. 14:12
 rus9203
Баракелде
06.04.2014. 22:13
 kama_future_millioner
абдан жакшы ыр экен
16.05.2014. 21:39
 SayKal1218
Азамат бар бол менин жердешим Гулжигит .Омурун узун болсун. Бактылуу бол уком.
24.05.2014. 01:15
 aisu_91
:'(
16.12.2014. 15:31
 jaklin.kg
Гулжигит байкени абдан жакшы кором.
12.02.2015. 19:27
 POMPOS_BOBOK
Ушул ырды уксам эле ыйлай берем.
26.12.2015. 02:10
 Arman
Эхх армандуу кундор
15.09.2017. 05:22
 Sabyr_Baymatov
Алыс жолдо укканга дагы дакшы экен
23.04.2020. 02:47
 karyshkyr-booru
Баззар жок ака
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо