Айнура Салахидинова "Төк, жамгыр"
04:10
3,83 Мб
Жүктөлгөн: 03-05-2011
Сөзү:Г.Шакированыкы
Обону:Б.Капаровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.69/5
(13 добуш)
Төк, жамгыр, бирок мени шаштырбагын,
Кайдадыр делөөрүтүп азгырбагын.
Жууп кет көңүлдү эзген кусалыкты,
А бирок калсын жанда,
Калсын жанда жакшы ырларым.
Төк, жамгыр, төкчү, төкчү, нөшөрлөчү,
А бирок калсын жанда,
Калсын жанда жакшы ырларым.

Төк, жамгыр, максатымды сүрөп койчу,
Жашоого кошкум келет үлүшүмдү.
Жууп кет жакпай турган адаттарды,
А бирок жууй көрбө,
Жууй көрбө үмүтүмдү...
Төк, жамгыр, төкчү, төкчү, нөшөрлөчү,
А бирок жууй көрбө,
Жууй көрбө үмүтүмдү...

Төк, жамгыр, көкөлөтүп маанайымды,
Сулуулап сылап койчу саамайымды.
Өрөпкүп мен бирөөнү күтүп жатам,
А бирок суута көрбө шаабайымды.

Комментарийлер (7)

06.05.2011. 16:38
 sss01
эн сонун Айнура мага жагасын.Сенин унунду укканда эс алам.сенин унунду укканда журогумдогу буугум чыгат.
19.09.2011. 14:14
 pit001
Кошуламын эң сонун ырдаган. жүрөк сергитет.
04.12.2011. 02:09
 alia
жакшы ырдаптыр.
05.02.2012. 15:48
 
da ona prosto super
16.05.2012. 02:04
 O6-OZGUR.KJ
алга алга жанада алга
01.06.2012. 13:36
 nazgul8076
Айнура азаматсын, ырдаган ырларын уккулуктуу... )))
12.06.2012. 21:39
 placer
Бирдеме жетишпегендей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо