Гүлнур Асанова "Күтүү"
03:29
3,2 Мб
Жүктөлгөн: 04-05-2011
Сөзү:М.Бөкөевдики
Обону:М.Бөкөевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.86/5
(7 добуш)
Сейилдеп жай гана, жүрөмүн айылымда,
Секетим жанда жок, көңүлсүз айлана.
Күтөмүн сагынып, сүйүүгө багынып,
Күлмүңдөп жылмайган жүзүңө зарыгып.

Эргиген ой менен кыңылдай ыр жазам,
Жалгыздык жай алып, капалуу айланам.
Күтөмүн күү менен, жылдыздуу түн менен,
Үн катып койсоңчу эң назик үн менен.

Бүркөлүп булуттай, жамгырдай жаш алам,
Бугумду билгизбей булуттан жашырам.
Күткөнүм сезерсиң, сүйүүмдү билерсиң,
Бүт сүйүүм толкуса, кечикпей келээрсиң.

Комментарийлер (8)

05.05.2011. 08:47
 aiguljan
жакшы ыр экен!
06.05.2011. 18:18
 Akyikatchy
Унунон сенин Гукутай ! Талантынды баалайм !
09.05.2011. 18:39
 Godogochun
Talantyn orkyndoi bersin
26.05.2011. 00:34
 balykchydan
жагымдуу, уккулукту экен! азамат!
09.11.2011. 22:41
 guljanagul
мага Гулнурдун бардык ырлары жагат сонун ырдайт маанисида жакшы сизге ийглик калайм
21.02.2013. 20:42
 Aygerim_tls
Super! 55555+
27.10.2013. 10:43
 azi_81
бул ырды Кинонун аягында бала экоо ырдаганда ыйлагым келип кеткен! баланын уну да кайгылуу.
19.12.2015. 12:50
 Suiush_777
Журокко жеткире ырдаган.Сонун !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо