Фархат Кеңешбек уулу, Азиза "Алтын балалык"
03:05
2,84 Мб
Жүктөлгөн: 05-05-2011
Сөзү:Ж.Алыбаевдики
Обону:Т.Казаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(5 добуш)
Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала сүт оозумдан кете элек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менен үй куруп.
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек.

Кайырма:

Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон.

Кемпир десем мен колуңдан жетелеп,
Белим ий деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чарчады деп сени аяп.
Чай кайнаткан күндөрүң,
Али эсимден кете элек.

Кайырма:

Коштошордо коомай кармап колумду,
Сагынба деп санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул күн.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.

Кайырма:

Комментарийлер (10)

05.05.2011. 14:46
 Eliza
угуп алып балалык кезимди эстеп кеттим балалык кез кандай сонун ал күндөргө не жетсин жакшы ырдашкан.
06.05.2011. 10:48
 Нургуль
МАГА да олло жакты сонун ыр экен балалык кезди эстесен кандай сонун
08.05.2011. 22:15
 Arstan
Ушул ырдын тексти жагат мага,жакшы ырдашыптыр.
10.05.2011. 02:30
 zarinai
Asisanyn unu sooonun da!!!!!!!!Bali 100 upai!!!
30.07.2011. 18:41
 salamat_09
АЗИЗА негизи жакшы ырдайт
06.09.2011. 10:17
 zeinep
Кандай гана ыр болбосун экооно сонун жарашат
07.01.2012. 18:29
 aman80-11
укса болгудай
07.09.2013. 12:35
 bakalbaev.mirlanbek
супер ырго 100%добуш
09.05.2015. 23:37
 Sharipa-asia
Маанилуу ырларды ырдачу экен азамат
30.07.2015. 21:11
 temir82
Үнүңдөн сенин Азиза
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо