Султан Садыралиев "13 жашар баланын арманы"
05:59
8,22 Мб
Жүктөлгөн: 11-05-2011
Сөзү:Какен Алмазбековдуку
Обону:Мурадил Сагыналиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.57/5
(21 добуш)
Ата, каныңдан бүткөн баламын,
Кабыл ал айткан саламым.
Көңүлүм канча калса да,
Көзүмдөн учуп карааның.
Көрүнүп “жарк” дей түшсө деп,
Көп зарлап жолуң карадым.
Көргөн бир күнү курсунчу,
Ата, тирүүлөй жетим баланын.

Туягын тулпар кордойбу,
Тууруна туйгун конбойбу?
Бөлүнгөн кайта бириксе,
Бөксөргөн нерсең толбойбу.
Укканың барбы, атаке,
Уясын бузган торгойду?!
Томуктай ошо макулук,
Ата, торгойчо болсоң болбойбу?..

Балалуу көлдүн өрдөгүн,
Баласы үчүн өлгөнүн.
Бүк түшүп өлгөн бала үчүн,
Бүркүттү дагы көргөнмүн.
Асырап бала бакпаган,
Айбандын бирин көрбөдүм.
Жылдыздай жанган балаңды,
Ата, жырткычча неге көрбөдүң?!

Барчын да канат сабалап,
Бала үчүн кылат далалат.
Айланып алыс кете албай,
Ак куу да бала каралап.
Атсаң да болбой, айкырып,
Аюу да коргойт мамалак.
Атаке, сендей боору таш,
Деги адамда кантип жаралат?!

Апам чыгарып күчүн жашка эле,
Чыдамыш болот жакшы эле.
Бир кокуй неме экениң,
Билсечи байкуш башта эле.
Сендеги сырды ал кезде,
Сезбесе керек жаш неме.
Убалдан коркуп койбогон,
Ата, ушунча бооруң таш беле?!

Ар кимден ушак кеп угам,
Башка аял алды деп угам.
Баарынан бирге ойногон,
Балдардан жаман корунам.
Тосушса балдар атасын,
Томсоруп айла жогунан.
Тойпоңдоп чуркап мен деле,
Ата, тосчу эмес белем жолуңдан?!

Турмушта болот салтанат,
Турса да гүлдөп чар тарап.
Ызы-чуу түшүп биздин үй,
Мас болуп баарын талкалап.
Томкоруп тоону келгенсип,
Жатчу элең кээде чалкалап.
Анда да байкуш апакем,
Сенин айыбыңды турчу калкалап...

Боору таш сендей жаралган,
Болбостур деги адамдан.
Айыгар күнүм бар бекен,
Ачышкан жүрөк жарамдан?
Убалдан коркпос жанагы,
Таш жүрөк немең жаңы алган.
Апамдан өйдө көрсөң да,
Кантип анча өйдө көрдүң балаңдан?

Ичине түшүп жалындын,
Ичигиңди далай жамындым.
Сыздатса балдар “жетим” деп,
Сынганын айтпа шагымдын.
Жоготкон деген атасын,
Жогу да менин багымдын.
Жыттатып койчу бир келип,
Атоу, жытыңды абдан сагындым.

Бак-таалай мага мунарык,
Баратат улам тунарып.
Канчалык бүтөт десем да,
Кайгыга кайгым уланып.
Кайгынын жетпей түбүнө,
Кетти окшойт катым чубалып.
Ушунун баарын сен келсең,
Ата, унутпайт белек кубанып...

Комментарийлер (15)

14.05.2011. 18:29
 Нургуль
supersin Sultan sooonun ir
09.06.2011. 15:29
 aisuluu
jakshy jazylgan
09.07.2011. 19:03
 MIRA
супер!!!!!!
26.08.2011. 12:52
 kg1995
супер =)
18.10.2011. 23:06
 dsamidinov
эн жакшы азаматсын.
20.12.2011. 15:54
 virus1995
сонун ыр...журокту эзе турган
13.01.2012. 05:13
 Oshtuk
Молодец!
23.05.2012. 22:59
 nazgul.83
да ыйлагын келет го
18.07.2012. 20:03
 REAL7
jakwy yr
12.12.2012. 02:13
 dastan97
базар жоок
25.04.2013. 18:43
 bakai.96.kg
ушул ырды эле ырдагым келе берет ))
08.08.2013. 22:38
 don.kg
Журокту кыйнап ырдай турган ыр
07.01.2014. 12:01
 abdumalik
сөзү обону кимдики?
23.09.2014. 21:35
 escalade
Коздон жаш агызды го
08.06.2017. 11:26
 Kanatbek97
Админ эмнеге ырды көчүрө албай атат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо