Гүлжигит Калыков "Кыргызстан жаштары"
03:08
2,88 Мб
Жүктөлгөн: 17-05-2011
Жанр: Поп
Сөзү:К.Качкынбаеваныкы
Обону:Э.Жоошевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(4 добуш)
Жакшы күн үчүн деп күрөштөн талба,
Жаштыгыңдын отун мекенге арна.
Канатың кага бер, кайраттан жанба,
Келечеги элдин болосуң анда.

Кайырма:

Кыргызстан жаштары,
Келечекти биз куралы.
Бек болуп элге туралы,
Мекендин тумары.

Караңгы түн келсе, чырак бол элге,
Булбулдар үн салсын, булак бол жерге.
Эл үчүн кызмат кыл, намысты бербе,
Жаштыгың жаа болсо, болгун сен жебе.

Кайырма:

Жашоо өтө берет, жашып кайгырба,
Таалайлуу күн келет биздин тагдырга.
Үмүт менен кадам ташта алдыга,
Жакшы күндөр күтөт бизди алдыда.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

18.05.2011. 09:04
 Wonderfullgirl
анча эмес, мага жакпады .
22.06.2011. 13:52
 MaksKG
Э бир жакшы кылып обон чыгарсан болмок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо