Сыймык Бейшекеев "Көздөрүң"
03:43
3,42 Мб
Жүктөлгөн: 18-05-2011
Сөзү:С. Бейшекеевдики
Обону:С. Бейшекеевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.91/5
(11 добуш)
Булактай көздөрүң башкача экен,
Бул кечте сага эч ким жакпаса экен.
Мен сага сүйөм деп айткычакты,
Кимдир бирөө озунуп айтпаса экен.

Ботодой көздөрүң бал-бал жанат,
Канбаймын карегиң талбай карап.
Мага эми эч качан тынчтык бербес,
Махабат жүрөккө салган жараат.

Мага сен сурандың келиңиз деп,
Махабат ыр ырдап бериңиз деп.
Ырымды баштадым сүйүнүчтөн,
Өзүм да жүргөнсүп сени издеп.

Термелген кирпигиң төгүлөт да,
Көздөрүң көзүмө өбүлөт да.
Маңдайың жаркырап күлүп бассаң,
Маралдай маңкайып көрүнөт да.

Ирмелген кирпигиң төгүлөт да,
Көздөрүң көзүмө өбүлөт да.
Маңдайың жаркырап күлүп бассаң,
Маралдай маңкайып көрүнөт да.

Буралып, ийилет кымча белиң,
Кыйналып, күйүгөт мынча демим.
Ырымдын аягын бүтүрбөстөн,
Жанымда узакка турса дедим.

Тартуулап көөнүңө таттуу кумар,
Койкоёт моюнуң ак куу сымал.
Татына көркүңө көз тийбеске,
Тагылсам дедим мен сага тумар.

Комментарийлер (18)

29.05.2011. 17:09
 2575383
Сыймык байкенин ыры отто сонун экен
29.05.2011. 21:43
 Eliza
эн сонун ыр анан ото эле маанилуу ырдайтда мага аябай жагат баардык ырлары
31.05.2011. 23:16
 lenoir
Сизге чоң ыракмат! Сиздин ырларыңыз ушундай кыйын учурга карабастан, мага жарык келечекке үмүт берет.
04.06.2011. 00:07
 Godogochun
Ochkon sezimderdi oigoto koidugo
27.06.2011. 01:33
 Ashan
Уга берип чарчабайм .Ото маанилуу ыр ийгилик сизге
29.06.2011. 10:09
 Adikopa
Менин эжекем Сыймыкты аябай жакшы корот. Бирок, чындыгында ырлары абдан угумдуу жана маанилуу. Азамат!
30.06.2011. 19:20
 blume8888
maga da abdan jagat Syimyk baikenin yrlary, baary maaniluu.
31.07.2011. 06:47
 blak.star.kg
Сыймык акебиз эн зор!эч бир азыркы жаны чыкан ырчылар
Да сыймык акебиздей популярду эмес!барды ырлары манилу!ишинизге игилик!германиядагы кыргыздарга салам айтып коюнуз!
21.12.2011. 19:28
 salidat8087
создору абдан маанилуу жазылган ырлар уккулуктуу болуп журоко жагат.Бул ыр дал ошондой ыр.
29.01.2012. 18:10
 iliaz
супер!!!!!!!!!!!!!!
15.08.2014. 20:48
 sooronbaev1972
кочуро албай жатам 6.7ырдан кийин башкы бетке секирип кетип жатат кантсем болот
15.08.2014 20:54
admin_superstan
sooronbaev1972, бир ырды көчүргөн соң бир аз күтүңүз.
Комментарийлерди жашыруу
15.08.2014 20:58
sooronbaev1972
admin_superstan, чоон рахмат канча кутсом болот
15.08.2014 21:04
admin_superstan
sooronbaev1972, 15 мүнөт ичинде 10 файл көчүрө аласыз.
27.10.2014. 06:35
 aiza.kyrgyzkyz
Ырдын кырын чыгара ырдаган экенсиз. Ботодой коздорунуз жалан гана жакшылык кундорду корсун, уй булоонузго бакыт
07.03.2015. 16:57
 abdynazar
супер сураныч сыймыктын даниярдын ыры жамиля деген ырын жуктоп коюнуздарчы,рахмат
09.03.2015 17:31
http
abdynazar,
даниярдын ыры асел болуш керек http://www.super.kg/media/audio/65833/
08.05.2016. 13:04
 karlik
Мен издеген ырго чиркин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо