Элмира Кайып кызы "Булбулум"
04:19
3,96 Мб
Жүктөлгөн: 25-05-2011
Сөзү:Э. Иманалиевдики
Обону:Э. Иманалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.88/5
(16 добуш)
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:

Булбулум, булбулум ай,
Буулуккан кургурум ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча, ай,
Булбулум, булбулум ай?

Жаңшайсың жаш булбул токтобогон,
Жашоодо жан жок эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка, эй окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулугам булбулдай сени жоктоп,
Буйруксуз сүйүүмдү жектеп алып.

Кайырма:

Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:

Комментарийлер (26)

25.05.2011. 13:39
 Eliza
эх чиркин сонун ыр уксан эс эласын тим эле
25.05.2011. 20:10
 Шаиста Шатманова
Мага да ушул ыр аябай жагат!Модератор Соңку кабар түзөттү 2015-09-09 12:47:16
27.05.2011. 14:43
 Narynbek
Эх чиркин!Студент кезимди эстеп кеттим.Баарыбыз чогулуп алып тан атканча ырдачубуз.Элмира,Элмирбек,Кенже Кубатова,Токтобек Асаналиев,Мунарбек Чобиев баары менин курсташтарым.
17.06.2011. 13:38
 arlekino
ыр созу да обону да жакшы бирок жанылап заманбап аранжировка м-н ырдаса жакшы болмок...
17.10.2011 17:04
aigulai
ошол жанылайбыз деп жатып эски ырларды бузуп жатышпайбы, андан коро ушундайы эле жакшы
09.07.2011. 11:37
 aziza
иийииий сонун ыр. жакшы ырдайт
24.08.2011. 16:25
 Jan.76
Булбулум булбулум аййииий КЛАСС
10.09.2011. 19:44
 Bargy
Абдан соонун ыр
23.09.2011. 18:12
 lapyska
Жан эргиткен сонун ыр!
12.10.2011. 14:43
 aigulai
Ушул ырдап жаткан кыз Жолдубай Кайыповдун кызы деген эл ичиндеги соз чынбы.
14.12.2011. 23:24
 onika
иии уну сонун да!
21.01.2012. 18:14
 munarkul
Эльмира эже сизге чоон рахмат жакшы ырдагансыз!
09.03.2012. 23:45
 tamerlan
Bulbulum iiiiiiiiyyyyyyyy
27.04.2012. 04:08
 ainura220888
ииииий сонун ырда
22.09.2012. 18:55
 Tazash
Мына ушуну ыр дейт
25.10.2012. 12:06
 alisam
Бул ырды Элмира Кайып кызындай эч ким ырдай албайт!! Эргуу алып, мемиреп угасын тим эле..
22.06.2014 01:34
mamytoff
alisam, Омарга айтып койюш керек кыйналба деп, комузга жарашыктуу ун менен ырдаш керек бул ырды
20.07.2013. 18:28
 begim12
созунда жуктоп койунуздарчы?
17.01.2015. 23:51
 muslim7
Бали Элмира! Сенин унуно, менимче ички таза дуйноно дал келген чыгарма, ошондуктан булбулдай таншыдын карындашым. Сага да татыктуу ырлар жоктугунан буулугуп тургандайсын. ЭЭй акын-музыканттар кайдасынар...
12.07.2016. 23:58
 ofcourse
Соонун ыр
31.08.2017. 18:26
 Gukush8993
Унунуздон сиздин береке жаманы арабызда жоксуз жайыныз жаннаттан болсун
31.08.2017. 23:01
 Aijana121197
Кандай керемет ун. Эх жаткан жери жайлуу болсун жакын туугандарына конул айтам
02.09.2017. 15:32
 KG.Kushtarbek
Жайы жаннаттын торунон болсун
03.09.2017. 01:26
 Ctul08
Жайы жаннаттан болсун
06.09.2017. 10:01
 akkyzmild86
Жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торко болсун!!! Аллахым сизге туболуктуу бейишти насип кылсын. Оомийин. Артынызда сизди эстеп булбулдай буулугуп турабыз эжекем. Кош эжекем!!!
24.09.2019. 20:09
 AzKumFerDan
Эжеее жаткан жайыныз жайлуу болсун.Сизди кыргыз Эли эч качан унутпайт .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо