Гүлнур Сатылганова "Жолукпай калсаң эгер"
03:27
3,18 Мб
Жүктөлгөн: 27-05-2011
Сөзү:З.Мукашевдики
Обону:Р.Бейшеналиеваныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.46/5
(24 добуш)
Жолукпай калсаң эгер,
Сендейди табар белем?
Жан дүйнөм толот беле?
Өзүмө суроо берем.
Кезикпей калсаң эгер,
Бактымды табар белем?
Жомогуң болбойт эле,
Дегендей муздайт денем.

Эң таттуу күндөр өткөн,
Көл жээкте бирге болгон.
Сыйкырын сезет белем,
Жолукпай калган болсом?
Жаркыган айлуу түндө,
Таңдардын аппак аткан.
Сырын ким мага ачмак,
Калсаң сен жолукпастан?

Ырларым сага арнаган,
Кас туруп басат беле?
Сырларым ичке каткан,
Мен кимге айтар элем?
Тагдырга ыраазымын,
Өзүңө жолуктурган.
Өмүргө азык болгон,
Сезимге толуп турам.

Комментарийлер (16)

28.05.2011. 13:54
 ZoLoToY
бирин4и
30.05.2011. 02:22
 Spy
Эң жакшы ыр!!!
03.06.2011. 20:42
 ZoLoToY
Кайра эле У4унчу!!
03.06.2011. 22:31
 altynbeshik
Maga aiabai Jakty! Ar daiym bar bolunuz!
13.06.2011. 23:15
 Guni
superskaya pesya!!!!
16.06.2011. 14:15
 nargizoroz
бул ырды озгочо кыялдануу менен угам. жашоомдогу эн маанилуу кун - уйлонуу той менен байланыштуу. Обончу, соз автору жана Гульнур эжеге ыраазычылык!
09.08.2011. 02:36
 Akyikatchy
Канчалаган ырлар обонго оролуп корку ачылбай жатат.Бийик унунун,мыкты аткаруучулук чеберчилигинин артында бул ырдын омуру узак болоруна ишенем.
06.09.2011. 08:31
 JanybekSydyk
Марина Капуро "в горнице моей тепло" деген эски ырдын обону да дал ушундай!?
06.09.2011. 09:45
 Agusha
укмуш соз жок мага аябай эле жагат да бул ыр
29.09.2011. 19:47
 alinet
Жагымдуу ыр. Бирок, жогоруда айтылгандай Марина Капуро ырдаган "В горнице моей светло" деген ырга ото окшош экен. Плагиатка окшош. Жеке пикирди сыйлай билели.
18.11.2011. 22:31
 supeeri
Эн соонун ыр мага аябай жагат ушундай ырды ырдап турсан бакттлу болгон кезинде ээээээхх.
26.12.2011. 10:43
 tursunay_osh
журокко жагымдуу ыр...
14.04.2012. 23:53
 riaz
эн сонун
02.05.2012. 06:30
 rokossovetz1987
Бул ыр канчалаган кыз-жигиттин суйуу ыры болуп эсептелет. Журоктун тубунон орун алган ырдын омуру узун болот. Гулнур эже сизге ийгилик! кыргыз эстрадасынын примадоннасы сиз
28.10.2013. 17:09
 akujanym
Эн сонун ыр мааниси дагы мазмуну да жакшы. Гулнур эже сизге ийгилик
23.12.2013. 07:51
 gul-bibi9109
Ушул ыр менин жашоомда аябай жакшы кором!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо