Гүлнур Асанова "Сен дегенде"
02:01
1,86 Мб
Жүктөлгөн: 30-05-2011
Сөзү:Н.Алымовдуку
Обону:С.Бактыгуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(7 добуш)
Сен дегенде сен дегеним сен деген,
Сенден бөлөк көрбөгөнүм көрбөгөн.
Сен дегенде чарчабады жүрөгүм,
Сен деп жүрүп мен ай,
Сен деп жүрүп мен ай,
Сен деп жүрүп мен түгөнөт өңдөнөм.

Сени ойлосом ойлогонум ойлогон,
Сени ойлонбой койбогонум, койбогон.
Сен дегенде секетим деп ичимден,
Сезимдердин тойбой,
Сезимдердин тойбой,
Сезимдердин тойбогону тойбогон.

Сен дегенде кыялдарым кыялдай,
Кыйналамын кыялдарды тыя албай.
Сенден мага жалгыз гана сөз керек,
"Сендикмин" деп шыбыр,
"Сендикмин" деп шыбыр,
"Сендикмин" деп шыбырап кой уялбай...

Комментарийлер (7)

31.05.2011. 18:25
 shaltakpaltak
Soonun ir. Maanisi dagi , sozdoru dagi, uykashtigi ayabay jakshi.
16.06.2011. 20:59
 Ashan
Гулнур Суперсин !!!
18.09.2011. 19:05
 aminali
Avtor Stalbek Baktigulov menin jerdewim,sonun ir.
18.09.2011. 20:26
 Ashan
Жердешим сен суперсин !!!
26.12.2015. 22:11
 Samaganova
"Сендикмин"деп шыбырап кой уялбай
Ииий,эмне деген создор!!!!!!!
27.01.2016. 19:59
 Azizbek.94kg
сенин жердешиин,менин жердешим.андайдын кереги эмне?эн башкысы биздин мекендешибиз.
08.04.2016. 15:55
 Uluk_Kalyev
Жакшы ырдапсын комуз менен ырларды кобурак ырдасан жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо