Аскат Мусабеков "Көксулуу"
05:41
5,22 Мб
Жүктөлгөн: 16-06-2011
Жанр: Фольклор
Сөзү:Жеңижоктуку
Обону:Жеңижоктуку
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(35 добуш)
Ашыкмын сиздей периге,
Айталбайм сырым демигем.
Адамды мынча кыйнабай
Айттырбай билсең эмине?
Кызыгам сиздей периге,
Кыйналам чындап демиге.
Кишини мынча чуркатпай,
Кыйнабай билсең эмине?!

Күлгөндө күлкүң күмүш үн,
Күлгүндөй кыздын Күнүсүң.
Күйүттү тартып жүрүшүм,
Күлгөнүң, айтчы, ким үчүн?
Күдөрүм такыр үзгүм жок,
Күйгүзүп сүйүү үмүтүн.

Жарк эттиң күлгүн күлүшүң,
Жайдары кыздын гүлүсүң.
Жалынга түшүп, күйүшүм,
Жаркыным, айтчы, ким үчүн?
Жаныңдан асты чыккым жок
Жандырып сүйүү үмүтүн.

Көрүшкөн күнүм салтанат,
Көркүңдөн күн, ай жалтанат,
Көркөмүң жанды көксөтүп,
Көмөкөйдөн бал тамат.
Көрүшпөй калсам, Көксулуум
Көнөктөп көздөн жаш тамат.
Жолуккан күнүм салтанат,
Жоодураган келбетиң,
Жогортон күн, ай жалтанат.
Жолукпай калсам, Көксулуум
Жошулуп көздөн жаш тамат.

Бетегелүү белдейим,
Белги берип чакырсаң,
Белгиңе кантип келбейин?
Жайлоодо белес, кырдайым,
Жаштардан чыккан, Көксулуум,
Жамалың төгүп ырдайын.
Жарашкан перим экенсиң,
Жалтанбай карап ырдайын.

Абдан сонун жарашкан,
Ак седеп таккан чыптамаң.
Ак көйнөкчөн келатсаң,
Ак куудай көлдө куп гана.
Ааламда жок сулуулук,
Арнаган экен кудурет,
Атайлап берип бир сага.

Көркөмү сонун жарашкан,
Көк мончок таккан чыптамаң.
Көк шайы көйнөк кийинсең,
Көк өрдөк көлдө куп гана.
Коштогон экен табийгат,
Баарын кош колдоп сунуп, бир сага.

Ыргалып үйдөн чыкпайсың,
Ышкы отуна берилип,
Ырдасам, ырым укпайсың.
Кылгырып үйдөн чыкпайсың.
Кызыктуу иштен кеп козгоп
Кыйкырсам үнүм укпайсың.

Белден коён качырып,
Иле албадым, Көксулуу.
Эми тагдыр не болот
Биле албадым, Көксулуу?
Жолдон түлкү качырып,
Жете албадым, Көксулуу.
Жеткизбестен душманга,
Кете албадым, Көксулуу.

Алты канат ак үйдүн,
Кериштесиң, Көксулуу.
Алтымыш эки сулуунун,
Периштеси Көксулуу.
Жети бир канат боз үйдүн,
Кериштесиң, Көксулуу.
Жетимиш эки сулуунун чиркин,
Периси сенсиң, Көксулуу.

Теңтуштан тагдыр кошподу,
Телтору тандап ат чапсам,
Телторум аттан озбоду.
Теңирим салды бул кайгы,
Тек жаткан дартым козгоду.
Тепкедей чактан бир жүргөн,
Теңибиз кыйнайт окшоду.

Курдаштан тагдыр кошподу.
Куладан тандап ат чапсам,
Кубантып аттан озбоду.
Кудайым салды бул ишке,
Кусадар дартым козгоду.
Куушуп ойноп, бир жүргөн
Курдаштык кыйнайт окшоду.

Көңүлдүн назик ышкы отун,
Козготосуң, Көксулуу.
Көчтөн калган тайлактай
Боздотосуң, Көксулуу.
Саяпчы салган боз куштай,
Саматасың, Көксулуу.
Сагындырып адамды
Саргайтасың, Көксулуу.
Өлүп калсам, калармын,
Өлбөй тирүү бар болсом,
Өзүмдүк кылып алармын!
Аман болсом табармын,
Антташып койгон сөз үчүн
Ажыратып алармын!

Комментарийлер (24)

16.06.2011. 16:37
 Baku
Воооообще супер!
16.06.2011. 20:52
 Ashan
Аксыдан чыккан Кок сулуу !!! Аксынын кыздары алга !!! Ырга супер !!!
17.06.2011. 09:10
 Мэри
Аскат ушундай азамат да! Кандай чыгарма болбосун,жеткире аткарат. Рахмат!!! Ийгилик!!!
17.06.2011. 19:05
 saraltyn
«Кок сулуу» дебей «Көк сулуу» десеңер
03.07.2011. 00:02
 Fernando
ushul yrdy tap pai jurdum ele
19.07.2011. 12:49
 ZoLoToY
Аззамат.ырларды адамга жеткире ырдайт да.Ош
20.07.2011. 10:55
 Asitay
Ап бали!!!
20.07.2011. 14:56
 Protokol
Ардайым алга !
21.07.2011. 05:46
 AKAY
komuzdu uwuncha jakwu koromda
05.08.2011. 13:49
 Nurimd
Молодец досум чыгармачылык ийгилик МНД
05.11.2011. 18:42
 chinara77
Кандай сонун ыр!!!балли балли...
24.01.2012. 10:28
 kesha.pikasso
ЭН ЖАКШЫ.55555555555555555555555555.
19.03.2012. 18:43
 uran
Жаман эмес...жакшы!!!
20.03.2012. 16:42
 asash04
ушул ырдын текстин жазып койгулачы
01.04.2012 19:57
amantalant
ооо кандай маанилуу Женижоктой токмо жокко али. Аксынын токмосу болгонда.
19.04.2012. 19:52
 asash04
азамат
29.04.2012. 17:09
 aziza73
издеп журуп таптым акыры
16.05.2012. 05:36
 paaatriot
сууупер!!!!!!!!!!!
31.05.2012. 11:19
 vvvb
Агайынын окуучусуда. Азаматсын!
15.08.2012. 14:33
 kubanychmin
супер
20.08.2012. 18:07
 Ashan
Кечиресиздер Супер Инфонун жамааты Жени Жок Ото Коко уулу болот тоолук жазбасаныздар да Жени Жок деп туура жазып журсонуздор .
20.08.2012 18:18
MiranA
Ashan, грамматикалык жактан алсак, Жеңижок деп туура эле жазылып турат. Бул инсандын өз аты Өтө Көкө уулу экенин да билебиз. Бирок, көпчүлүккө Жеңижок деген лакап ат менен таанымал болгондуктан, ырдын автору Жеңижок деп жазылган.Модератор MiranA түзөттү 20.08.2012 18:19
20.08.2012 18:21
MiranA
Ashan, бирөөнү дайыны жок сындоодон мурун, кыргыз маданияты жөнүндө маалыматтарды камтыган энциклопедиялардан окуңуз. Ал эми жөнү жок гезиттин атына сын айтканыңыз үчүн 3 күнгө мончо!
06.11.2012. 19:50
 bokoy
Jenijok atanin uwul irin atkarip chikkani ele bir taylik. Ozgocho Askattin unu irdagi bolgon sezimderdi achip bergen...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо