Гүлнара Кахарова "Балама"
03:35
3,29 Мб
Жүктөлгөн: 17-06-2011
Сөзү:М. Боромбаеваныкы
Обону:К.Таштаналиеваныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(30 добуш)
Баланы кимдер сүйбөгөн,
Бапестеп багып күйбөгөн.
Баласы үчүн жок чыгар,
Башына азап үйбөгөн.
Тумоолоп калса баласы,
Түгөнөт экен аргасы.
Берүүгө даяр жанын да,
Болсо эгер анын айласы.

Кызыгы болбос дүйнөнүн,
Кыйналып бала бакпаса.
Унутат кыйын күндөрүн,
Эмгегин уулу актаса.
Элжиреп ойлоп күнү-түн,
Эртеңден үзбөй үмүтүн.
Ээси болуп жашоонун,
Эне-ата жашайт бала үчүн.

Балдарым - менин кымбатым,
Балдарым - менин сырдашым.
Жаралбай калганда алар,
Жашамак беле кур башым?
Бала деп согот жүрөгүм,
Бала үчүн жашап жүрөмүн.
Бел байлап мындан ары да,
Бала үчүн өмүр сүрөмүн.
Бассам да, турсам тилегим,
Балдарга өмүр тилеймин.
Баарынан күчтүү сезим бул,
Бала сүйүү деп билемин.

Комментарийлер (38)

19.04.2012. 14:12
 Gulzhan
Канда гана керемет ыр!Уккан сайын уккун келет.
24.05.2012. 13:17
 CHIKUS
Супер Инфого рахмат!Мен бул ырды издеп таппай жаттым эле.Тобом кокко жетти.Гулнара эже сизге энелик бакыт каалайм.Унунузго береке,жеткире ырдагансыз!
25.05.2012. 15:15
 Bolo
Мен да издеп журдум эле. Аябай сонун ыр. Бекеринен Гулнара эженин 7 баласы болбосо керек. Баатыр эненин ыры!!!
16.06.2012. 13:35
 murat90
Gulnara eje bar bolunuz !Jana myndanda jakwy yrlardy jarata beriniz!
28.06.2012. 19:50
 janetta
Ыйлагым келип кетти. Сагындым козуму((
20.03.2014. 21:17
 Mayrambek.Kalpakov79
55555
08.04.2014. 20:25
 Aliyamili
эжэм абдан сагындык сизди! Казакстандан тагаларыныз
31.05.2014. 12:02
 eldar87
Муну ыр десе болот
31.10.2014. 15:52
 suyom_seni
Эх! кандайгана соонун ыр !5555555555+++++
06.12.2014. 17:51
 557
Азаматсыз уул той , бешик тойдо ушул ырды жаныртам!
08.02.2015. 09:09
 Aruzat
Ушул ыр абдаан жагат , бар бол Гүлнара!!!!!!!!!!!!!
14.02.2015. 00:29
 Leili
Сонун ыр мага жагат кандай создор бар кымбат!
17.11.2015. 11:16
 meri.kg
Соонун ыр обону да ырга топ келген! Ушундай ырлар көп жаралса жакшы болмок.
25.02.2016. 18:18
 azim2
Мен да издеп журдум эле. Чон рахмат сиздерге
26.05.2016. 00:07
 chika-chika88
соз жок ырга, чын журоктон ырдалган ырлар журокко жетет.Журогумун дал озуноо жеттигоо бул ыр.)))))))))
07.09.2016. 14:30
 tolik
Сөзү,обону жана аткарганы да мыкты. Андыктан акынга да,обончуга да жана албетте жеткире аткарган баатыр эне Гулнара эжекебизге да алкыш.
17.10.2016. 00:20
 actros
Салам Супер!ырдын минусовкасын жүктөп коёсуңарбы сураныч!
30.11.2016. 23:18
 Apyyke
Кундуз эже ушундай таланттуу обончубу? Айтор азаматсыздар. Мыкты текстке мыкты обон и плюс мыкты аткарган Гулнара эже ошон учун хит болуп атат.
24.12.2016. 23:16
 nurik-jami
Бул ырды уккан сайын БАЛАМА болгон сагынычым куч алат. Сагындым сени кичинекейим менин.
25.02.2017. 22:04
 Rasul94
ушул ырдын Венера Назаралиева ырдаган варианты керек болуп атат админ
03.09.2017. 03:08
 malsirun
салам супер ушул ырдын минусун жуктоп койунуздарчы сураныч ушул вариантын
02.11.2017. 22:10
 raikakyz
Супер ыр! Аябай сонун жазылыптыр,обону да сонун. Аткаруучу Гулнара Кахарова эн мыкты денгээлде ырдаптыр.Азаматсыз эже.Бар болунуз.
03.11.2017. 12:58
 Attokurova17
Соонун ыр
15.11.2017. 14:26
 Aznazalai
Бар болунуз. Сонун ыр
23.11.2017. 10:41
 Jigit86
Эн сонун,энеден баланы ажыратпасын Аллахым!
27.08.2018. 00:39
 Byrmachach
Ушунча ырдын ичинен эң жакшы Балама арналган ыры үчүн рахмат! Аябай тексти, музыкасы, аткаруучунун үнү шайкеш ыр экен.
27.02.2019. 22:54
 Zotova
Керемет!!! Баракелде!!! Бар болуңуз.
28.09.2019. 08:58
 Sweet-Lika
Мурда маани берчү эмес элем, өзүм стресс, шок болуп жүргөндө капыстан инстаграммдан угуп калып, өксүп-өксүп ыйлаган элем... Үнүңүзгө береке. Балдарыңыздын бактысына аман болуңуз, жана БАЛДАРЫҢЫЗ СИЗДИН БАКТЫҢЫЗГА АМАН БОЛУШСУН!
20.12.2019. 13:20
 alisa0910
Эн сонун!унунузго береке Гулнара эже! Жене боюнду дуркуроткон ыр экен. Козумо жаш алдым. Балдарыбыз болбосо кантип жашамак экемин деп ойлонуп коём. Ата-энеме чексиз ыраазымын! Бизди ушул даражага жеткиргенине.
06.08.2020. 12:35
 muras111211
Унунузго береке.чыгармачылык ийгилик!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо