Айнура Салахидинова "Сен жокто"
03:37
4,16 Мб
Жүктөлгөн: 21-06-2011
Сөзү:Турар Кожомбердиевдики
Обону:Эгемберди Талиповдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.63/5
(27 добуш)
Күн эмнеге, эмнеге,
Батпай койду сен жокто?
Таң эмнеге, эмнеге да,
Атпай койду сен жокто?
Көмүскө жандай суз болуп,
Көңүлүм чөктү сен жокто.
Көзүмдүн жашын көрсөтпөй,
Кылгырып төктүм сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто.

Куштар неге, эмнеге,
Сайраган жок сен жокто?
Гүлдөр неге, эмнеге да,
Жайнаган жок сен жокто?
Булактын мөлтүр агымы,
Акпады токтоп сен жокто.
Сайраган булбул үнү да,
Жакпады жанга сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто...

Жашоо мага түшүнсөң,
Кермек болду сен жокто.
Жалгызчылык жадатып ай,
Эзмек болду сен жокто.
Эстеген сайын эзилип,
Муңкануу жаным сен жокто.
Үмүтүм тоодой сезилип,
Кыйналуу жаным сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто.

Комментарийлер (23)

21.06.2011. 12:14
 admin_media
Жакшы ыр экен, сөзүнүн мааниси да өтө терең. Жакты!
21.06.2011. 13:13
 energetik
Жакшы ыр экен уккулуктуу,талантыныз оркундой берсин!
21.06.2011. 14:05
 Eliza
соз жок сонун болуптур
21.06.2011. 15:37
 edizar
Чыныгы журоктогу от болуп жанган суйуунун сезимин чагылдырган. Суйгон адам жандап турганда билинбейт, алыстап кеткенде сезилет.
22.06.2011. 12:30
 kurbanbu
Айнура мундуу ырларды жакшы аткарат бул ыры да жакшы болуптур азаматсын.
22.06.2011. 22:30
 KGbalawka
Айнура азамат!
ырлары аябай мазмундуу!Уккан сайын уккун келет
28.06.2011. 18:33
 Deutschland
gut!
28.06.2011. 18:42
 Kyial
Айнура азаматсын! Ырды жеткиликтуу аткарыптырсын!
Талантын осо берсин!
28.06.2011. 18:43
 Kyial
Маанси дагы жакшы, аткаруусу да жакшы болуптур!
01.07.2011. 11:15
 baibolot71
Жакшы уккулуктуу ыр экен,айрыкча суйгон жарын алыста болсо сагынып куса болот экенсин ырды угуп алып.Жарайсын Айнура талантын Кара кулжанын тар дарыясындай ташкындай берсин.
01.07.2011. 12:12
 ASAS
Жакын адамын сагынып жургондорго экен экен:)))) Мындай учурда бир мунот да отушу кыйын болот, айыркча телефону "отключен" болсо:)))))))Ыр жакшы чыгыптыр...
05.07.2011. 01:15
 DoctorVOROBEI
сонун!
20.07.2011. 12:11
 IlyasMasirov
:)
06.08.2011. 06:41
 eduardali
Ушул кыз aнaн ырлaры
оло
жaгaтдa,
Айнурa мeн
бойдок
кeздe кaйдa элeeeeн?
22.09.2011 12:16
IlyasMasirov
eduardali,

Бойдок кезде Айнура концертеп жүрчү, ырларын жазчы
08.08.2011. 09:55
 Eliz
Браво,браво,браво!
03.09.2011. 09:39
 A031288
molo4ik
12.06.2012. 21:38
 placer
Ни то
24.01.2013. 12:22
 Айнура Салахидинова
Baardygynyzdarga rahmat! Maga sizderdin jyluu sozdorunor dem bolot! Dagy jakshy 4ygarmalardy jaratkanga turtku bolot desem bolot.
03.03.2013. 20:31
 Nynysh
Азаматсын талантын ташкындап, онорун оркундой берсин!!!
21.11.2013. 16:10
 mira76
орто
29.09.2014. 15:11
 temirov76
Азаматсын Айнура,сага чыгармачылык ийгилик каалайм.
19.06.2016. 12:26
 abde-7082
Азаматсын Айнура!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо