NON-STOP дуэти "Ак кептер"
03:16
7,51 Мб
Жүктөлгөн: 24-06-2011
Көчүрүү
  • Currently 4.63/5
(19 добуш)
Жагалмайдай кайкып учуп бара албай,
Жаш жүрөккө жагар дары таба албай.
Ак кептерим, түтөбөйүн арманга,
Кучак жайып, кумар жазып кала албай.

Асманга учсаң мен да күтөм жолуңду,
Ак маңдайым, кармасам дейм колуңду.
Эч болбосо сен конуучу токойго,
Жаным, секет, жая албадым торумду.

Сен дегенде тура албаймын жай алып,
Келаткансып, эки жагым каранып.
Түшүмдө да карагайлуу булакта,
Булактайсың кундуз чачың таранып.

"Күйсөң күй" деп кашты серпип күлгөнүң,
Жанымды өрттөп, жал-жал карап жүргөнүң.
Мынча неге түлкү куумай ойноттуң?
Айтчы деги анык бекен сүйгөнүң?

Жагалмайдай кайкып учуп бара албай,
Жаш жүрөккө жагар дары таба албай.
Ак кептерим, түтөбөйүн арманга,
Кучак жайып, кумар жазып кала албай.

Комментарийлер (18)

24.06.2011. 19:54
 baibolot71
О я первый)) Жакшы ыр. Мага жакты.
24.06.2011. 20:02
 aikush
соонун болуптур,мага аябай жакты
24.06.2011. 21:26
 Demon
ыр жакшы болгон учунбу же ырчылар мыкты болгон учунбу, иши кылып жагымдуу толугу менен ...
25.06.2011. 21:08
 intel
Menin TaiAtamdin jakshi korgon iri bolchu, ushul irdi uksam ele TaiAtamdi esteim. Aksakaldar irdasa soonun ugulat
25.06.2011. 23:44
 BiLLy Beck
4yndygynda jakshy irdai aly6paptyr....
26.06.2011. 12:56
 aizatalisher
sonun yr enen
26.06.2011. 19:14
 Pedro
красивая получилась песня, мне очень понравилось)Молодцы!
27.06.2011. 00:46
 MUSYA
обу жок ырдап салышыптыр..жаш ырчылар жакшы келип атып эле авторитетинерди тушуруп аласынар да ушинтип..эмне илгерки ырчыларды басып отобуз деген ойдо ырдадынарбы?жанылышасынар..бардык ырынар жагат,бирок бул ырдан кийин силерди сыйлабай калдым!!!!!!!
27.06.2011. 10:23
 Шаиста Шатманова
Дуэт абдан жагат. Бирок ырды жакшы аткара алышпаптыр, жакпады. Каныкейдин ырдаганы жаккан болчу. Гулнур эже менен Ырыскелди Осмонкулов ырдаган вариантка да жетпеген.
27.06.2011. 10:38
 ROZI
Негизи Мага ырды бурмалап, обужо созуп ырдаган такыр жакпайт!!!
29.06.2011. 17:15
 Maxlan
мда....надо признаться ...Плохо!!! Очень Плохо!!!
03.07.2011. 13:21
 musulmano4ka
Анча ырдай алышбаптыр(( Журогум сага деген ырына окшош журоктон чыгарып ырдашы керек эле((((
06.07.2011. 16:53
 Talantbek
жан журогу менен ырдабаганы билинип калыптыр, бул ырды мурдагылар чын журогунон ырдашкан.Бирок жаман эмес жакшы.
04.08.2011. 18:18
 milashka90
сонун ырдашыптыр мага абдан жакты
10.08.2011. 16:09
 Azhymaliev
Жакшы ырды жеткире ырдай алган эмес,кыздын уну бар экен жигиттин уну жок экен,таарынбагыла!
11.08.2011. 19:36
 tekila
песня классная!!! в последнее время я очень много слушаю песни этой группы:))
29.09.2011. 12:03
 Бродяга
Кыз кичине акцент менен ырдагандай сезилип атат да мага.
27.10.2011. 23:13
 temirlan_Imran
супер песня молодцы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо