Замир Мырза "Сүйүүгө таазим"
03:37
3,33 Мб
Жүктөлгөн: 08-07-2011
Сөзү:А. Акбаровдуку
Обону:К. Артыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(5 добуш)
Балбылдаган көздөрүңдөн,
Неге шоола чачырайт?
Кызгалдактай эриндериң,
Сезимиңди жашырат.
Кызыл алмам, ээлеп алдың,
Кыялымды, түшүмдү...
Нөшөр болуп,
Кусалыкты жууп өтчү батыраак.
Назик, мукам күү өңдөнүп,
Төгүп койчу күлкүңдү,
Ыр сунайын бир өзүңө,
Махабатым тартуулап.

Жаркыйт көңүл сени эстесем,
Чар тарабың гүл жайнап.
Жалын болуп жанат жүрөк,
Махабаттын өртүнөн.
Азгырасың жан дүйнөмдү,
Ак кайыңдай бүр байлап.
Ай нурунда кыялымда,
Терезеңди өпкүлөйм.
Жашыл жазым кышка айланат,
Бирок сүйүүм кыярбайт.
Жоогазындай жаштыгымды,
Саргайтпачы, өтүнөм.

Көздөрүмө сүрөт болуп,
Элестериң байланып.
Көрүп турам, жаным, сенден,
Кайталангыс сулуулук.
Коштоп келем сени жандап,
Өмүр бою айланып.
Күн өңдөнүп а сен мага,
Чачып турчу жылуулук.
Өзүң барда түндөр сулуу,
Дүйнө сүйкүм, ажайып.
Өмүрүмдү бүтүн бойдон,
Сунам сага ыр кылып.

Комментарийлер (10)

09.07.2011. 01:27
 tekila
соонун ыр экен!!! Скачаю себе!!! Молодец, очень красивая песня!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
09.07.2011. 13:46
 qwerty12345
жакшы ыр экен
13.07.2011. 22:02
 gaajoo
sonun Zamir mirza
15.07.2011. 17:37
 mubina
Мага создору жакты,чарчаганда ырдасан эс алчудайсын!
21.07.2011. 00:24
 Narynbek
Сонун ыр го!Азаматсын Замир!Алга.
22.07.2011. 14:11
 jaz
Super super +10
31.10.2011. 15:27
 joseph brain
маанайым жок эле .сразу которду.позитив 100%
22.11.2011. 17:45
 Мэри
Сонун ыр!
06.02.2012. 00:26
 Xan
молочик Замир,озубуздун ырчыбызсын да мнеси болсо да
01.03.2012. 20:34
 zema
Супер вообще ...соз жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо