Мирлан Баеков "Каниет ыры"
03:37
3,33 Мб
Жүктөлгөн: 19-07-2011
Обону:Г. Айдосованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.30/5
(54 добуш)
Өмүр менен жашымды,
Арнаймын деп мен элге.
Мен да жүрөм мекендин,
Эң керектүү жеринде.
Өтүп жаткан өмүрдү,
Токтотууга ал кайда?
Ага болгон кумарым,
Жашарткандай ал кайра.

Кайырма:

Түйшүктөнүп кайра эле,
Түбү бүтпөс санаамдын.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын.
Мен өмүрдүн четинен,
Кетилгенин сезгенде.
Мазем кетип жанымды,
Батыра албайм эч жерге...

Күндөр жылат агылып,
Жамгыр төгүп өткөндөй.
Жашай албай сагынып,
Жазды күткөн көктөмдөй.
Эмне мынча кызылдап,
Калуучудай кечигип?
Ал ансайын четинен,
Өмүр барат кетилип.

Кайырма:

Өнүп чыккан гүл көрдүм,
Басып өткөн изимден.
Муңум тарап көңүлдөн,
Топук кылам ичимден.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын...

Комментарийлер (51)

04.08.2011. 22:21
 benera
Azamatsyn.
06.08.2011. 06:41
 elaman
болот бирок ен сонун ыр кызыл орук
09.08.2011. 14:15
 kutush
тузук..тузук.
11.08.2011. 23:52
 Nazylya
"мазем" деген эмне билесинерби? мен тушунбой койдум ушул созуно
21.08.2011. 16:46
 АйАй
жакшы ыр!
23.08.2011. 10:23
 Aimonchok
Рахмат ыр учун кочуруп алдым.
29.08.2011. 10:43
 Baku
Жакшы ыр бирок титиребей ырдаса анданда сонун болмок!
31.08.2011. 11:11
 samatos
абдан жакшы ыр беш сизга
31.08.2011. 19:18
 eliza-kochkor
Мирлан байке жакшы ырдайсыз,сизге ийгилик!!!
01.09.2011. 14:04
 adelima
raim сен кемсинби Мирландан? Кааласан сен да титире! Жакпаса укпа да,комментарий жазбай эле кой!
06.09.2011. 21:40
 aminali
Super,kim irdait dese Mirlan irdait turbaibi murda Klara Alibekova irdachu bele?
05.10.2011. 00:19
 toktonazarova
супер, ушул ыр учун супер инфого жазылдым го эн сонун,ар бир кунум ушул ыр менен отот го,азамат Мирлан алга!!!
14.10.2011. 20:09
 islamkg
Азаматсынар унунузго баа жеткис талантынар оркундой бесин ар дайым элдин кызматында болнуздар "Эл артисти" деген наага жетиниздер талантынарды кудай колдосун! Алга!!!ЖОРОЛО ТОБУ биз сиздер менен макутасан соз да азык кылат
30.10.2011. 12:38
 narke1812
уну бар ырчы
31.10.2011. 01:46
 Jaryk78
Mazem degen tynshym ketip degen da
01.11.2011. 16:08
 Eldiar
Мазем дегени ЧМОМ чыгып жатат дегени го!
07.11.2011. 12:43
 minor
кап десен!чыйт-чыыйт!
10.11.2011. 13:42
 ulukbek
эн сонун ыр
11.11.2011. 15:34
 jumash
кантип кочуром
29.11.2011. 16:50
 adilug
Аябай маанилүү ыр.Бул ырды уккандан кийин чындап эле бул жашоодо из калтырып жашагың келет.Ийгилик.........
04.12.2011. 12:16
 miss.MESHA
мага да абдан жакты
08.12.2011. 21:30
 sashabek
эн жакшы молодец
13.12.2011. 13:06
 elzat
Аябай сооонун ыр чоон рахмат.Талантынарга таазим....!!!Ийгилик!!!
17.12.2011. 16:14
 Kyrgyz-Sher
Эн жакшы ыр бар бол Мирлан.
07.01.2012. 04:09
 taalai91.ru
Абдан жакшы. АЗАМАТ!
01.02.2012. 17:33
 placer
мирлан азамат ишине ийгилик
06.02.2012. 10:33
 nuli_kg
мага аябай жагат, ушул ыр
super
29.02.2012. 15:44
 Asul
"Мазем" деген "чмо" болуп же болбосо "убара" болуп дегендин синонимдери.
27.10.2012. 09:28
 eliz-an86
калкамандар кыргыз тилин жакшылап уйронуп алгылачы!
12.09.2016. 01:50
 kalmamat
Бул ырдын автору Гүлмира Айдосова деген абдан таланттуу кыз.Мирлан аткаруучу.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо