Нурлан Насип, Алихан "Бийчи кыз"
02:57
2,72 Мб
Жүктөлгөн: 02-12-2010
Жанр: Поп
Сөзү:Н. Насиптики
Обону:Н. Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(12 добуш)
Көк асманда калкып учкан,
Ак куу болуп сен келсең.
Булбул сымал мен ырдайын,
Мени коштоп бийле сен.
Чыбыктай ийилген,
Басканы керилген,
Суктантып сен бийлесең.

Кайырма:
Ойго батам, мен оттой жанам,
Бийлесең сени менен кумарланам.
Татынасың, неге тартынасың?
Бийчи кыз, өзгөдөн кызганамын.

Жандап бассам, бийге тартсам,
Чимирилип бийлесең.
Акылымдан адаштырып,
Жүрөк козгоп жиберген.
Бийлесең наздана,
Карасаң кадала,
Жүрөктө калат жара.


Кайырма:

Комментарийлер (2)

28.05.2012. 13:03
 aftan1987
сонун ыр экенНурландын бардык ыры жакшы ийгилик мындан да жакшы ыр ырдай бер
27.11.2019. 15:53
 AlibaevO
Алихан жакшы ырдайт күтөбүз жаңы ырларынан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо