Ибрагим Жунусов "Сахна"
05:13
3,6 Мб
Жүктөлгөн: 25-07-2011

Бул ыр Бек Борбиев жана Сыймык Бейшекеев менен биргеликте аткарылган
Жанр: Эстрада
Сөзү:Б. Борбиевдики
Обону:Б. Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.82/5
(28 добуш)
Кызына калып ападан,
Иниге калып агадан.
Ыр деген ыйык бул өмүр,
Калыптыр Ата-бабадан.

Ырлардын учу сахнада,
Ырлардын күчү сахнада.
Ыроолойт аруу жакшылык,
Ырыскы түбү сахнада.

Жүргөнсүйт ырлар кемеси,
Ырысбай, Чубак элеси.
Жаңырып төрдө тургансыйт,
Токтогулдун кербези.

Сахна, сахна, сахна,
Жан дүйнөбүз сахна,
Сүйүүбүз да сахна.
Бешенеге бүткөн,
Үйүбүз да сахна.
Арзуубуз да сахна,
Арманыбыз сахна.
Ыйык биздин,
Ырыс сахна.

Курбу, дос тыңшап көңүлдүү,
Сахнанын сыйкыр күчү ушул.
Ырларын окуп тургансыйт,
Акындар Аалы, Алыкул.

Биригишип эгиз эки ак-куу,
Чолпонбек менен Айсулуу.
Айтышып төрдө жаткансыйт,
Жеңижок, Барпы айтылуу.

Серпишип мыскал үпүсү,
Соргонсуйт ырдын бүтүшү.
Сооротуп кейип тургансыйт,
Сүймөнкул, Таттыбүбүсү.

Комментарийлер (31)

27.07.2011. 17:56
 vertual
Супер!!!
28.07.2011. 18:31
 Mikanews
оооо тузук
11.08.2011. 09:48
 baibolot71
Жакшы ыр да озу Бек достун ыры.Ийгилик каалайым чыгармачылыгында.
15.08.2011. 01:57
 edizar
Абдан жакшы ыр экен!
02.09.2011. 14:22
 Мэри
Ибрагим акебиз "Таттубүбү" дейт го... А ыр сонун!!!
05.09.2011. 13:12
 China
молоцы улуу муун кичүү ырчыларга үлгү ыр экен.
21.09.2011. 00:13
 myktybala
China эн туура айтасын
14.10.2011. 04:20
 supper
Ибрахим аканин уну бузуп коюптур, менимче...
03.11.2011. 17:33
 minor
текстин жазгылачы
07.11.2011. 12:38
 minor
ап бали,и!

15.11.2011. 16:42
 damirka
Ибрагим агабыздын уну чанда кезигуучу ундордон жакшылап уксанар.Мага жагат.
24.10.2014 14:46
goodman02
damirka, дааааааа
12.12.2011. 19:25
 jigit92
ууу-уйт, ии-ихи, хоп
15.12.2011. 12:58
 Zulya2
ооуу мага абдан жагат учоо тен, сонун ырдаптыр.алга ийгилик .Азаматсынар акалар.....
31.12.2011. 18:18
 nursultan_011992
oooo ci ci nege jakshy irdagan!
01.01.2012. 02:59
 ramil
Эки кочкордун башын бир казанда кайнаткан Ибрагим байке болуш керек.
12.01.2012. 09:09
 Aikala
Сонун ыр экен
19.01.2012. 02:47
 анарбек
ыы алгыга бешенеге буткон
28.01.2012. 15:13
 beka8585
четкий ырдашыптыр
30.01.2012. 11:58
 aman80-11
супер инфо силерге чоооон рахмат ишинерге ийгилик
12.02.2012. 22:50
 baby
ар кимдин озунун стили озунун угарманы бар дегендей,Ибрагим аганын уну озунчо башкача деп ойлойм.
29.02.2012. 16:41
 shenkez
jakshy trio boluptur
30.04.2012. 01:55
 
жакшы
19.05.2012. 01:19
 ken-shkol
соз жок! канча уксам да тажабайм! Кыргыздын бардык таланнтту адамдарын кошуп ырдалган ыр экен!3 тен професионалдуу ырчылар!
05.07.2012. 16:28
 AsylgulT
абдан жакшы! минусовкасы болсо жуктоп койсонуздар?
14.08.2012. 23:37
 omo93
жакшы болбодубу мен ушул ырды издеп жургон элем
06.12.2012. 22:05
 Makaton
Бек байке молодец!!! Дагы да жакшы ырларды чыгара бериниз...
12.12.2012. 05:27
 chicagogirl
Супер экен
11.05.2013. 13:25
 asyl85
эх сонун ырда
04.07.2013. 09:21
 Nuraxmad
abdan jakwy
26.12.2013. 05:21
 peri05
Бек байке молодец даагы ушундай ырларын жарата берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо