04:03
3,73 Мб
Жүктөлгөн: 03-08-2011
Сөзү:А. Акимовдуку
Обону:А. Акимовдуку
Көчүрүү
Таң сыдырым саамайым сылаган,
Эркелетип бешик ырын ырдаган.
Тең келбеген эч нерсе энеме,
Балалыктын шамысың жагылган.
Кайырма:
Мезгил жылып, өзгөрүлүп, айланат,
Жетелеген күндөрүң сагынам.
Толкун уруп, сагыныч добулу,
Шашып турат алдастап аптыга.
Чыккым келбейт узакка жаныңдан,
Мээримиңе, эне, сезим канбаган.
Сен айылда, мен алыста жүрсөм да,
Назик колуң сылайт саамайымдан.
Кайырма:
Аттиң, тагдыр койбойт го эркиңе,
Бой жетип калыптырбыз бат эле.
Үмүт күтөт толгон ай шооласын,
Өмүр кошуп барсам деп демиңе.
Кайырма:
Комментарийлер (10)