03:46
4,33 Мб
Жүктөлгөн: 25-08-2011
Сөзү:Хамза Латиповдуку
Обону:Хамза Латиповдуку
Көчүрүү
Борбордогу эң башкы стадион,
Бүгүн шаңдуу күйөрман толгон.
Эңсегени - бир гана гол,
Башталат деп качан футбол,
Булгалашат миңдеген колдор.
Тизилишип баары бир сапка,
Өздүк курам даяр таймашка.
Калыс чалып ышкырык,
Күйөрмандар кыйкырып,
Топ тебилди оюн башташка.
футбол, футбол,
Футбол, футбол.
Чабуулчу өтүп чабуулга,
Дарбазачы шашат тутканга.
Бири тоссо, бири тээп,
Гол урсак деп тезирээк,
Бирин-бири шашат утканга.
Күлүк аттай чуркап баарысы,
Коргоочунун кетти шаштысы.
Сол жагынан өт буйтап,
Оң жагынан теп туштап,
Голду күтөт элдин баарысы.
Комментарийлер (4)