Добр, Ильяз Абдыразаков, Кайыргүл, Мирбек Атабеков, Омар, Сайкал Садыбакасова, Чолпонай "Супер-Инфо"
03:29
3,2 Мб
Жүктөлгөн: 09-12-2010
Сөзү:А.Алымов, Добрдуку
Обону:И.Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.82/5
(11 добуш)
Супер гезит бул – “Супер Инфо”,
Супер гезит менен алдыда бол.
“Супер-Инфодон” гана табасың,
Супер менен мезгилден калбайсың.
Мезгил өтөт, заман өзгөрөт,
Убакыт талыкпайт, оку көбүрөөк.
Ошондо гана сен алдыда болосуң,
Өз колуңда сен туура жолдосуң.
Бизди танда биз сени тандайбыз
Бирге, чогуу биз артта калбайбыз.
Талантың барбы өргө чабар өнөр,
Анда эмне турасың биз менен бол.
Бер өзүңө жол, кыл элиңе кызмат,
Бери көздөй чыгып, элиңе бер кубат.
“Супер-Инфо” дайыма бол кабардар,
Бизге кошул, мезгилден артта калба!


Жымыңдаган, жылдыздардай,
Көктө жарыктардай.
Сезилет го ал жомоктой
Тартылат сыйкыры бардай
“Мезгилден артта калба!” деп
Бакыт тилеп
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.

Кайырма:
“Супер-Инфо” элим менен,
Жерим менен эскирбеген.
“Супер-Инфо” кылымдарга,
Өчпөс болот эскирбеген.

Жолун улай бирге болот,
Супер артта калбайт.
Эмгектенет ал талыкпай,
Адашпай жолун тандай.
“Мезгилден артта калба!” деп,
Бакыт тилеп.
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.


Кайырма:
“Супер-Инфо” элим менен,
Жерим менен эскирбеген.
“Супер-Инфо” кылымдарга,
Өчпөс болот эскирбеген


Комментарийлер (31)

09.12.2010. 10:39
 jaina
Күндө 5-6 жолу укпасам башым ооруйт. Сонун ырдалган.
09.12.2010. 11:16
 xman
Мирбек менен Добрдан башкасы "дедский сад" болуп калыптыр... :-(
09.12.2010. 12:25
 alisam
xman каякта? Баарыныкы эле сонун болуптур. Былтыры Кубик кызы Айпери бар болчу, ошол кызды туура эле алып салышыптыр. Анча ырдай албайт эле. Быйылкысы сонун экен чындап эле Кайыргул, САйкал, Чолпонай учоонун тен стили жакшы. Сайкалдын уну аябай кучтуу экен. Кайыргулдуку андан да кучтуу! Ал эми ырчы мырзаларды мактоо аздык кылат! Азаматсынар!
09.12.2010. 13:27
 МАЛЫШ
Мага Ильяз ырдаган жери жакты =)
09.12.2010. 17:06
 areneV
Suuuuuupppperrrrrr !!!! molodsy prosto
09.12.2010. 18:49
 bekzhan
DOBR krasava!Ayperi jakshy yrdayt ele emnege alyp saldy eken? atak norm. ele eken yr. murdagysy suuuuper ele
09.12.2010. 19:01
 Karamel
эмнеге Айперини алып салыштыкен? мага эскиси көбүрөөк жагат. бул деле норма бирок.
"мекенди ыйык сакта" деп,
"сактагын деп"-ушинтип ырдалат тура, мен болсо саТпагын деп ырдап жүрсөм)))))))
09.12.2010. 19:01
 Razor
Первый был лучше
10.12.2010. 13:35
 akusya
мирбек омар сайкал ырдаган жери аябай жумшак жана башкача жагымдуу болуптур
11.12.2010. 00:28
 Gulshan
Зачем Айпери убрали? Она лучше поет, чем эти девушки. но мальчики молодцы, особенно МИРБЕК)))
11.12.2010. 19:11
 kyrgyz kyzy
Баарынан да Садыбакасова жакшы ырдаптыр.. Эмки жылда мындан да жакшы версиясын кутобуз )))
11.12.2010. 23:09
 Arstan
Сонун ырдашыптыр жакты,бул варианты да мурунку варианты да жакшы чыккан.
12.12.2010. 15:27
 Aisuluuwa
Сонун ырдашыптыр, молодцы!!!
14.12.2010. 04:59
 aminali
Gulshan men saga kowulam AIPERININ unu ozgo4o bol4u,maga 1 variantinin "mezgilden arta kalba!dep Bakit tilep"-dep kiikirip irdawat ko owol jerden jurogumo patriottuk sezim kelip,kirgizimdin talantarina baa berem,azamattar.
17.12.2010. 16:39
 albars
мурункусу жакшыраак го деп ойлоп койдум
20.12.2010. 16:46
 malish
не очень
21.12.2010. 19:00
 malish
блииин воообще жаккан жок мурункусу жакшы болчу
23.12.2010. 17:07
 cliff
Даа жакшы. Бирок эски варианты жакшы болчу бузуп алышыптыр. аранжировкада жакшы темп жок экен. Мен мисалы мурунку эски вариантты укканда бийлегим келчу. А бул вариантында туйт туйт деген унун туура эмес эмоция алып келет экен. Кимге кандай сезилди билбейм бирок мага жаккан жок. Аранжировкасын кылган адам таарынбасын. Начар.... жана начар.
23.12.2010. 17:09
 cliff
Ааа баса кыздар абдан начар ырдап койуптур. интересно бул кыздарды ким тандады болду экен. Булардан башка уну сонун жагымдуу ырчы кыздарыбыз коп эле болсо керек эле...
Кыздар мен силерге эч кандай жаман айткым келген жок бирок ырдай албайт экенсинер. Бирок кооздонуп басканды билесинер.
25.12.2010. 18:52
 Abbai
alisam,ЖиндиЭмэсинби?Айперинин Доошу 100% Модный,Если завидуешь завидуй в тряпочку!ОК))))
30.12.2010. 17:43
 melashka
Баары жакшы ырдашыптыр алга!!!!!!!!
02.01.2011. 18:27
 operaledi
Лично мага жаккан жок. Чолпонай аябай бузуп коюптур.Айпери ырдаганына окшобойт.Эски варианты сонун болчу.
10.01.2011. 14:54
 gujunpo
Кайыргулдун ырдаганы анча деле жаккан жок. Чолпонай кичине кыздарга окшоп эле чыныра бериптир. А Мирбекке, Омарга чонураак еле болугун ырдатыш керек эле, эки эле строчкадан ырдап калышыптыр. Добр азамат! Сайкалдыкы да жакшы.
03.02.2011. 16:35
 drakonchik
menin dosuma a9bai jagyptyr. al bul yrdy ukpasa olup kalat
27.02.2011. 01:23
 kuttum seni
тааак, ундорун айтсам Добр- эми ага соз жок.. НУКУРА да! (респект) Ильяз - супер, Кайыргул - чынын айтсам анча болбой калыптыр, кайрыктары билинбейт.. Мирбек Омар оооо алар деле ничё.. Сайкалдын уну укмуш-голливудские анын жанында отдыхают!! Чолпонай чыйылдак))) Негизинен алганда Ыр супер чыккан !!
05.08.2011. 09:55
 Ulan1002
жакшы ыр
17.09.2011. 16:56
 Azimo4ka
Бар болгула кыргызымдын ырчы улан кыздары!!!
25.09.2011. 16:20
 кыргыз Алик
Мына сага реклама хором!!! )))Жакшы чыгыптыр бар бол СУПЕР-ИНФО!!!
03.11.2011. 15:13
 Kyzsaikal
salam super info.sizderden suranam kara koz degen M.Atabekovtun yryn chygaryp koigulachy....
27.06.2012. 09:44
 www.boy.kg
супер инфо мыкты!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо