Сыймык Бейшекеев "Жашоо маңызы"
04:00
9,16 Мб
Жүктөлгөн: 13-12-2010
Көчүрүү
  • Currently 4.14/5
(7 добуш)
Жашоонун бул турмушта маңызы эмне?
Байлыкпы басып жыйган катып тенге?
Адамдын жанын ажал алам десе,
Арачы болор бекен алтын тенге?
Жашоонун маңызы дейт ден соолукта,
Ансыз да айтышкандай өмүр кыска.
Жаралып бул дүйнөгө келген бакыт,
Жаркылдап күлүп жүрсөң жай да, кыш да.

Жашоонун бул турмушта маңызы эмне?
Бийликпи убактынча өткөн төргө?
Бел калып бетегеси кеткениндей,
Бектердин түбөлүгү болбойт элге.
Жашоонун маңызы дейт көңүлдөрдө,
Жакшы сөз жарык чачат өмүрлөргө.
Бирибиз-бирибизге сыйлуу карап,
Жылуу сөз арнайлычы колдон келсе.

Жашоонун бул турмушта маңызы эмне?
Көр тирилик жай алдырбас акча беле?
Артыкча азгырыгы табышмактуу.
Адамзат арыла албай келет неге?
Жашоонун маңызы дейт үй-бүлөдө.
Улаган урпагыңды улуу күнгө,
Жана да достук деген кымбаттык бар.
Жашоонун көркүн аччу болуп бирге,
Жашоонун бул турмушта маңызы эмне?



Комментарийлер (11)

13.12.2010. 15:06
 Tokmok
maanisi jakshyken.......
13.12.2010. 23:52
 gogo
Сыймык байке дайыма маанилуу ырларды жаратат.мындан кийин да калеминиз курчуй берсин сизге чыгармачылык ийгилик каалайм.
14.12.2010. 19:41
 Мелисбек
Мага жакты ушуну ыр деп айтса болот. Кимде болсо msm84@list.ru жонотуп жибергилечи сураныч. Жоноткондорго алдын ала рахмат айтам.
15.12.2010. 12:16
 ximichka
мааниси абдан жакшы.ИЙГИЛИК!!!
16.12.2010. 04:34
 Samash
"О жизни по жизни по понятиям" дегендерге угузуп коюш керек экен!
22.12.2010. 16:42
 ilgez
угумдуу ыр !!! Сыймыктын ырлары кобунчо эле мааниси менен жакшы..
28.01.2011. 00:01
 Asulbek
Сыймык байkе сиздин ырларыныз маанилуу kыргыздын баары сизди kолдойт.zаmir.kg.88
30.01.2011. 21:30
 Asulbek
азаматсын сыймык zamir.kg.88
21.06.2011. 15:52
 edizar
Сыймык байкенин бардык ырлары жакшы. Жашоону баалаган адам. Рахмат ырларынызга!
02.11.2011. 10:53
 aza1000
сыймык сен суперсин
23.03.2012. 16:48
 Askatdadakeev
Salam super.kg saityna sizderden suranych Syimyk baikenin balasy menen yrdagan yrlaryn baaryn kirgizip koigulachy otunuch Aruu tilek degen yryn kutobuz chon,chon ahmat.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо