Фархат Кеңешбек уулу "Сулууга"
03:48
3,49 Мб
Жүктөлгөн: 29-09-2011
Жанр: Эстрада
Сөзү:Р.Нарынбаевдики
Обону:Р.Нарынбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.47/5
(15 добуш)
Топ кыздардын арасынан,
Көзүмө эле көрүнөсүң.
Байкап мен башта сени жүргөм,
Ай болуп төгүлөсүң.
Күлгөнүң мөлтүр тунук булак,
Кулпуруп гүлдөй өңдөнөсүң.

Кайырма:

Жаным, жаныңа эле барсамбы,
Сүйөм деп айтсамбы?
А бирок айтуу кыйын,
Муңайып кайтамбы?..
Эх, сулуу, сырларыңды ачсаңчы,
Ай, жылдыздай жансаңчы.
Жомоктогу чүрөк сымал,
Периштеге айланчы.

Көркөмүң көздү суктандырып,
Койкоё басып керилесиң.
Койдуң го салып мени ойго,
Ак куудай мага сезилесиң.
Тартылып, жаным, бир өзүңө,
Ашыктык отко берилемин.
Кайырма:

Мажбурлап тунгуюкка түртүп,
Азапка салдың мени кыйнап.
Махабат дастанындай болуп,
Калбасын ак сүйүүбүз сыздап.
Басалы кол кармашып бирге,
Өмүрдүн өрүн көздөй урап

Кайырма:

Канчалык ойлонсом да,
Жүрөктөн толгонсом да.
Билбейсиң неге,
Сезбейсиң неге сүйүүмдү, жаным?

Кайырма:

Комментарийлер (6)

03.10.2011. 11:25
 taha
Уккулуктуу ыр экен... +
22.10.2011. 10:12
 temi
asabnbekov_temirlan@mail.ru эн сонун ыр десем болот уккулуктуу. Good luck you. Фархад байке
07.09.2013. 12:38
 bakalbaev.mirlanbek
100% добуш
12.05.2014. 09:30
 nurali1989
Ырлары калды да братандын... Жаткан жери жайлуу болсун
30.06.2014. 02:19
 TARANTINO313
Жаткан жерин жайлуу ыйманын садаматтуу болсун.
03.10.2017. 00:26
 langar
Фархат акенин жаткан жери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо