Ильяз Абдыразаков "Соң-Көл"
05:35
5,13 Мб
Жүктөлгөн: 10-10-2011
Жанр: Эстрада
Сөзү:Э.Мамытовдуку
Обону:И.Аманбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.41/5
(44 добуш)
Кубулуп, нурга бөлөнүп,
Кулпуруп Соң-Көл, көгөрүп.
Түгөнбөс сүйүү кайгысын,
Түбүнө алган чөгөрүп.

Көл үстү муңдуу шыбырап,
Айткандай сырды туюлат.
Арманда ыйлап бараткан,
Ак Мөөрдүн үнү угулат.

Канаты кандан кайрылган,
Кан кусуп, катуу кайгырган...
Элеси келет Болоттун,
Ак Мөөрдөн анда айрылган.

Өксүгөн өмүр кез келип,
Өткөндү бүгүн эскерип.
Сүрөтүн сактап сулуунун,
Сүйүүгө Соң-Көл эстелик.

Комментарийлер (39)

11.10.2011. 12:26
 saltane
жакшы биорк бир аз созгон жерлериндеги мотивин мурункуга караганда озгортуп коюптурсун ошол жерлери кичине келишпей жатат а так все нормально удачи куйоо бала.
11.10.2011. 13:21
 baiysh
ыр "сон кол баяны" деп аталса керек,менин атам коп ырдап берчу кичинемде,асанкалыйдын "ак булуттарын" да бир жеткирип ырдаган бироо болсо соннун болмок э?
11.10.2011. 16:32
 alisam
Достор, хит болчуу ыр экен деп,айтпагыла, УЯТ!!! Бул эбааак хит болуп буткон ыр. Иляз кайра ырдап чыгыптыр. Мага жаккан жок, Исрадин Аманбаев озу жакшы ырдайт. Негизи эле Аманбаевдин укмуш соонун ырлары бар экен... угуп отуруп баа бердим.
14.12.2011 03:12
Rustam25
alisam, хит болгонун баарысы эле билет, бирок сен ошол убакта хит же болбосом моода болгон кийимди кийе аласынбы? жоок кийе албайсын, жаныртылышы керек болчу нерселерди жанырткандын эч уяты жок эски нерселер кайрадан жанырттылып жаткандай бул ырды да жаныртыптыр молодец! и буйруса хит да болот, бул ырды жаныртпаганда сен озунда укпайт болчусун бут эле жаштар укпайт болчу!!! жарайсын Ильяз ийгилик сага....
Комментарийлерди жашыруу
05.03.2012 11:29
LoLoPePe
Rustam25, Чын айтасын эски ырларды жаныртпаса азыр анча-мынча жаштар угуша бербейт
11.10.2011. 16:33
 medo
ильяз молодец дагы жакшы ырларды жарата бер
11.10.2011. 23:52
 ladynur
Ильяздын токтоло баштаганы ырларынан сезиле баштаптыр
12.10.2011. 00:55
 Talant_89
Myna yr dep ushunu ait, KYRGYZ jyttangan yr! Alysta jyrgondo soonun ugulat eken.
12.10.2011. 02:35
 Guliza
chyn ele iliaz talantuu jigit,anan yrlarynan dagy bilinip jatat toktolup baratat=)
12.10.2011. 17:26
 bostars
оппана мына сөзүн да чыгарып коюшуптур....ракмат силерге Инфо...созолонтуп ырдайбыз эми...
13.10.2011. 12:58
 sunchubek
Эй мунунар ырдай албай эле, эптеп тамгаларды созуп калыптыр
16.10.2011. 15:57
 dsamidinov
Азамат жакшы ырдаптыр.
17.10.2011. 12:18
 Aibengo
Ушул ырды ким, качан жаныртып ырдайт деп кутуп журдум эле, жакшы болду. Ильястын уну бир аз жапысыраак болуп калыптыр.
22.10.2011. 18:27
 Nurayka
супер!соз жок!
25.10.2011. 03:31
 zhakykalmatai
Ушул Ильяздай ырдаган таланттуу балдар коп болсо...азаматсын!
29.10.2011. 10:06
 aibek_kyrgyz
Мен бул байкени таланты жагынан кумир тутам, сыйлам, омуру узун болсун. Мурункудан токтолуп калганыда жакты.
08.11.2011. 01:17
 nurkaa
озун эле ыр жазып ырдасан болмок сенда башкаларды туурап эски ырларды ырдабай негизи талантуу жигитсинго
16.11.2011. 02:39
 ainur78007
Азамат.соооонун ырдаптыр.
23.11.2011. 09:40
 Bek4oro
ушул ырды укан сайын укун келетда)))
04.12.2011 00:47
Knt
Bek4oro,
04.12.2011. 00:46
 Knt
jakpady yn jok
13.01.2012. 09:22
 joysin77
жакты
23.01.2012. 19:04
 hats
Мыкты ыр экен
01.02.2012. 22:41
 Mavlyanov
Жан-дуйнону эргиткен ыры менен,
Журоктун торун алган талант менен,
Ильяздай жигиттер бизде болсун,
Ардайым бирге болгон эли менен...
15.11.2013 10:37
AZAP_2009
Mavlyanov, bravo!:))
05.03.2012. 11:20
 rustam-jan
molot4ik mykty yr boluptur.
05.03.2012. 11:26
 LoLoPePe
уаууу суппер
07.03.2012. 14:20
 Bolo
Жакшы!
04.04.2012. 16:26
 Cyldyzka
soonnuuuunn vooobşeeeeeeeeeeeee
05.05.2012. 21:53
 djmaks22
Зор, зор!!! Мурашки по коже. Чынында Сонкол сонун жер. Ильяз бар бол, уй булон менен аман бол!
31.08.2012. 23:26
 ayildik_kiz
Издеп жургом таптым ураа азаматсын !!!
07.11.2012. 18:40
 gogoo_gogo
азаматсын Ильяз чыгарчылык ийгилик
01.05.2013. 20:00
 fara2503
Жакшыбы жаманбы эски ырга кайра омур берген ильязга рахмат
03.10.2013. 08:53
 Ankel
эн мыкты аткаруучулук чеберчилик. Ильяз сага, уй булоно узун омур, чексиз бакыт каалайм!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо