Асанкалый Керимбаев "Ак маралым"
03:44
3,43 Мб
Жүктөлгөн: 11-10-2011
Жанр: Фольклор
Сөзү:Т.Кожембердиевдики
Обону:А.Керимбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.44/5
(18 добуш)
Күтүүгө чыдамым аз көрүнөмүн,
Күйүттүн ызасына чөмүлөмүн.
Алыстап кетсең дагы маңдайыңа,
Асмандан жылдыз болуп төгүлөмүн.

Ашыгып тоо суусундай чамынамын,
Ар дайым сен тарапка агыламын.
Алыста, жакын жерде жүрсөң дагы,
Ар дайым ак маралым, сагынамын.

Саргайтпай ачык жообун бересиңби?
Сагынып медер кылам элесиңди.
Таңдагы тармал бутак болгум келет,
Талпынып, чертип турган терезеңди.

Комментарийлер (10)

14.10.2011. 21:39
 laki
сагындым! үн алгыдан чыгып калса коштоп ырдап калчуу еле байкем!
16.10.2011. 03:14
 laki
А.Керимбаевдин " Жамила " ырын жүктөп койсоңуздар! Супер-инфо
04.01.2012. 20:28
 joodi
мына ушуну ыр деш керек
04.01.2012. 22:46
 kani.90
Ыр эмес бекен чиркин!
06.02.2012. 16:53
 Danmaz
Ramatilik Manas Berdibekov aytkanday "Jon ele dushani jazat ta!".
18.02.2012. 18:23
 bodrum
соз жок соз мыкты
23.06.2012. 14:03
 Madam
Жүрөктөн чыккан ыр экени сезилип турат
09.10.2012. 23:36
 nlo
тандагы тармал бутак болгум келет
талпынып чертип турган терезенди.................
15.03.2014. 20:55
 Benos
Бул ырды эн сонун кылып аткаргандардын бири Зарлык Камбаралиев.
02.10.2017. 00:44
 Nibiru.
Урматту супер инфо Асанкалый Керимбаевдин энекем деген ырын таап,жуктосонор жакшы болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо