Мирбек Иманбеков "Ата-эне"
03:50
5,29 Мб
Жүктөлгөн: 14-10-2011
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.70/5
(20 добуш)
Балам дейсиң көрбөй калсаң тартып санаа,
Бактылуусуң караанымды көрүп гана.
Бой жеткирип өстүрдүңүз асыл энем,
Бал уйкуңду, түн уйкуңду бөлүп мага.

Билем, ата, бой жеткенче эркелегем,
Билем, ата, үмүтүң чоң эми менден.
Чоң ата бол бактылуу кары болуп,
Балаңыздын балдарын жетелеген.

"Садагам" деп мээримиңди төгүп мага,
Кичинекей дале көрүп мени, апа.
Көңүлүңүз ачык болуп, дүйнөң түгөл,
Көлөкөмдү тээ алыстан көрүп гана.

Жетилди эрке балаң эркелеген,
Өзүңөрдү жазбай тартам, ата-энем.
Чоң ата бол бактылуу кары болуп,
Балаңыздын балдарын жетелеген.
Чоң эне бол бактылуу кары болуп,
Балаңыздын балдарын жетелеген.

Ойлономун силерди мен күндө-түндө,
Ишенгиле, силер дайым жүрөгүмдө.
Ушул сөздү эч бир адам тана албайт,
Бардыгынан ата кымбат бул дүйнөдө.
Ушул сөздү эч бир адам тана албайт,
Бардыгынан эне ыйык бул дүйнөдө.

Комментарийлер (26)

16.10.2011. 00:30
 bakyt.tykab
uwul yr maga abdan abdan jagat !!! en jakwy !!! 100
16.10.2011 02:42
Muratbei
bakyt.tykab, maga dele jagat,kim aitty saga ele jagat dep:):)
16.10.2011. 14:52
 dsamidinov
Ата-энелерибиз бар болушсун
18.10.2011. 10:55
 karlygach
jawoomdun manyzy atam menen apam! den soolukta bizdin syi urmatybyzdy korup uzak omur jawanyzdar! sagyndym sizderdo...
19.10.2011. 02:19
 Tokmok
sonun
20.10.2011. 16:54
 dioro
ушул ырды уканда апам менен атама айылга кетким келип кетет(((
29.10.2011. 13:08
 Jyrgal1
Эн соонун
04.11.2011. 12:35
 meka
аябай соонун ыр!
01.12.2011. 04:14
 Ulan5
jakshy ye Mirbek alga
03.12.2011. 15:31
 Jony
Мирбек, сиздин ырларыныздын баары жан эргитет.
14.01.2012. 20:10
 erik06068
muktu
18.03.2012. 02:45
 moldalieva_jiyde
Мирбек! Журоктон чыккан ырларын журокко жетет! Чыгармачылыгына чон ийгиликтер!
14.05.2012. 09:57
 rasulka
Мирбек, сиздин ырларыныздын баары жан эргитет.
20.05.2012. 09:25
 rasulka
0
Мирбек! Журоктон чыккан ырларын журокко жетет! Чыгармачылыгына чон ийгиликтер!
26.11.2012. 00:03
 azizbek93
ata enelerdin barkyn kadyrlaily dostor ee.. azamatsym MIRBEK
12.05.2013. 12:56
 rasulka
Эн соонун
05.11.2014. 23:56
 ayman9309
Сураныч ырдын созун жуктоп коюнуздарчы срочччно
14.11.2014. 12:56
 ktpresent
Саламатсынарбы,сураныч минусовкасын кайдан тапсам болот..
13.12.2014. 19:52
 Afina
Аябай сонун ыр......
28.03.2015. 11:12
 Tilekk
Ооба,минусун тапканга жардам бергилечи
17.05.2015. 18:33
 aijan_96
минусовкасы барбы????
03.06.2015. 04:58
 enn07
Урматтуу админ, ушул ырдын минусовкасын жуктоп койгулачы, сураныч????????????
03.06.2015 17:57
admin_media
enn07,
Cаламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
18.09.2015. 14:09
 Kymondor
ушул ырды уканда апам менен атама айылга кетким келип кетет эх кандай сонун ыр
30.04.2016. 21:15
 Bek94
минусовкасын тунук кылып жуктосонор эн жакшы болмок да.
29.06.2016. 15:31
 adi_ko.kg
Sox jok
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо