Мирбек Иманбеков "Айдагы кыз"
02:57
2,72 Мб
Жүктөлгөн: 24-10-2011
Жанр: Эстрада
Сөзү:Фаризат Асанкалый кызыныкы
Обону:Ильяз Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.89/5
(9 добуш)
Айдын нуру түндө төгүлөт,
Ай бетинен бир кыз көрүнөт.
Аянычтуу, өзүнчө сырдуу,
Аппак кызга көңүл бөлүнөт.

Кайырма:

Айдагы кыз, арманымсыз,
Айдагы кыз, ай-ааламда сиз жалгыз.
Айдагы кыз ардагымсыз,
Бир өзүң жок, жер бетинде мен жалгыз.

Түндү күтөм жалгыз отуруп,
Түмөн ойго жүрөк толтуруп.
Түйшүктөнүп жүрөм сиз үчүн,
Түшүмө кир бакыт куш болуп.

Кайырма:

Мейли өтсүн күндөр сабалап,
Мезгил учсун жүрөк жаралап.
Мээримиңе түндө жылынам,
Мага сиздей кимдер жага алат?

Кайырма:

Комментарийлер (2)

25.04.2012. 15:46
 boris8907
Жакшы ыр
22.07.2012 00:09
asj.88
boris8907, ушу ырды угуп бир ааз жаш кезимди эстеп кеттим журогум ооруп кетти бир азда болсо картайдым дегендей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо