Жолдошбек Мамажанов "Ойлоп көрсөм"
03:01
2,78 Мб
Жүктөлгөн: 26-10-2011
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(9 добуш)
Ойлоп көрсөм эң жаман,
Чоң жоготуу, чоң күтүү.
Кыз баланын жанынан,
Өтүп кетсе чоң сүйүү.
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Айрылуу жаман.

Ойлоп көрсөм эң жаман,
Жүрсө күтүп сүйүүнү
Сезбей калса жаш жигит,
Келгендигин сүйүүнүн.
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Айрылуу жаман.

Ойлоп көрсөм эң жаман,
Жетип сүйүү курагы.
Келсе, кетсе махабат,
Кудум жийде бурагы.
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Айрылуу жаман.

Баарынан да эң жаман,
Адамдын жашпы, каарыбы.
Бош турса жаз түнүндө,
Жаздыгыңдын жарымы
Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Айрылуу жаман.

Жаман, жаман, эй жаман,
Бул дүйнөдө эң жаман.
Сүйүү күтүү, сагынуу,
Жалгыздык жаман

Комментарийлер (15)

27.10.2011. 16:27
 iamfirst
Классика....
27.10.2011. 17:37
 dsamidinov
журокту эргитет.
27.10.2011. 20:39
 asal
жалгыздык жаман туура айтасыз Жолдошбек Мамажанов.
29.10.2011. 17:04
 dmk-85
аябай жакшы ыр.
29.03.2012. 20:52
 caida
ЭХ!Ыр деп ушуну айт,журокту эзет го чиркин.
27.10.2012. 16:08
 ChonAlay07
Туптуура айткансыз аке, ар бир адамда кайсыл бир кун жалгыз калып калуу коркунучу бар, кудай сактасын. Ошондуктан коп алактабагыла адамдар баарыбыз алла астында абдан алсызбыз, айды алып алам деген кыргыздар козунорду чоон ачкыла сен эч ким эмессин бул аааламда, сен жон гана бир жансын.
26.03.2013. 20:24
 Aidin082
Атам эчкачан жаман ыр ырдабачы!!! Биз аябай сагындык атаке сизди!!! Жаткан жэриниз жайлуу болсун
25.05.2013. 21:35
 Imran
текстин жазып коюнуздар
30.09.2013. 20:09
 Arsongseng
унунуздон айланайын!!жаман жаман эн жаман!айрылуу жаман!!сиздей адамдан айрылган эн жаман!жаткан жериниз жайлуу болсун!
16.11.2014. 12:25
 kukukyrgyz
superdin super jamaaty salamatsyzdarby uwul yr4ynyn studenttik kyndor degen yryn jyktop koiosuzdarby 4oon rahmat iwinizderge yigilik.
17.11.2014 17:17
admin_media
kukukyrgyz,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
26.07.2016. 01:01
 Balnyr
Саламатсынарбы супердин жамааты сураныч Жаштык анан Студенттик кундор ,Кайдан журуп атту ырларын жуктоп койгулачы
26.07.2016 09:52
admin_media
Balnyr,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
26.07.2016. 23:49
 Balnyr
Аутом чыдамсыздык менен силерге рахмат
10.09.2016. 21:53
 Balnyr
Super.kg сунуштарыбызды унутуп калбадынарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо