Айнура Салахидинова "Жигитке"
03:22
3,1 Мб
Жүктөлгөн: 27-10-2011
Көчүрүү
  • Currently 3.62/5
(13 добуш)
Жүрөгүңдө сыр бардай,
Жүзүң неге албырат.
Көп карасаң жаш селки,
Көз отуңду талдырат.

Кайырма:
Көңүл бөлүп караба,
Көп анчалык кадала.
Көңүл отун козгоду,
Көз карашың садага.
Сүйсөң тандап бирди сүй.
Жылдар өтсүн арада.
Жүдөтпөсүн бул сөзүң
Жүрөгүмдү садага.

Сүйсөң сүйүү чырагын
Жүрөгүңдө жандырат
Адаштырат кээ бирде
Сүйүү жолдон тандырат.

Кайырма:

Кайраттансаң сүйүүнүн,
Келечегин чектегин.
Каны таза жүрөктү
Канжар менен чекпегин,
Жабыры көп махабат,
Жеңил ойлоп чечпегин
Жуудуруп көз жаш менен
Жүрөк сырын эзбегин.

Кайырма:

Комментарийлер (5)

27.10.2011. 20:28
 Ankel
Жигит деген боз бала,
Шайтанымды козгама.(Казахский вариант)
28.10.2011. 23:20
 HAKER-KG
зеригип кетимгой жакшы
12.06.2012. 21:33
 placer
Орустардын обондоруна окшош го :) бирок Айнурага конулдуу ырларды ырдаган жарашат экен
25.11.2012. 18:10
 nurik_312
соонун
24.01.2013. 12:18
 Айнура Салахидинова
Rahmat sizderge!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо