Чубак Сатаев "Ак бата"
02:57
2,72 Мб
Жүктөлгөн: 31-10-2011
Көчүрүү
  • Currently 3.82/5
(11 добуш)
Кыргызымда бата бар,

Бата берген аталар.

Бата алган эр жигит,

Элин коргоп жоо сайса,

Шер жигит деп даңк алар.



Элин коргоп жоо сайган,

Манас алган ак бата.

Кыргызымдан бата алган,

Чыңгыз чыкты даңктана.

Наристе үнү жаңырып,

Адам келсе арыгып,

Жакшы тилек, жакшы үмүт,

Ага арнайбыз ак бата,

Бата, бата, ак бата,

Элим берер ак бата.



Жамгырдан жер көгөргөн,

Батадан эл көгөрдү.

Бата алган кыз келин,

Көшөгөсү көгөрүп,

Эр азамат төрөлдү.



Элим-журтум, уккула,

Кыргызымда той мына.

Улак тартмай, ат чапмай,

Эр жигиттер чыккыла.

Манас атам кел мага,

Небереге той бердик,

Ак батаңды бер мага.

Элге карап кол жаят,

Той өткөргөн чоң ата.



Милдет кылсаң элиме,

Мээнет кылып жериме.

Элим берсе ак бата,

Эмгектенген эр жигит,шер жигит,

Дем кошулар демиңе.



Эл-жер үчүн жан берген,

Чолпонбайга ак бата.

Кыргызымдан бата алган,

Чыңгыз чыкты даңктана.

Манас атам, кел мага,

Күч-кубатты бер мага.

Бакай атам, кел мага, Ак сакалың жайкалтып,

Ак батаңды бер мага,

Бата, бата, ак бата,
Элим берер ак бата.

Комментарийлер (3)

01.11.2011. 11:25
 Akyikatchy
Биринчи Аллахымдын ыраазычылыгы,экинчи элдин батасы ! Туло откоруу менен бата алууга озгочо маани берем.Бу жарыкчылыктагы жетишкендиктерим жана аракетим ушул экооно тыгыш байланышканын сезип журом.
29.04.2012. 10:44
 jika83
sonyn ur maga abdan jagat
30.09.2013. 20:28
 Arsongseng
Чубак ага сиз дайым эл менен сиз кыргыздын сизди тааныбаган киши жок!!жаткан жериниз жайлуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо