Съездбек Искеналиев "Махабат сереси"
03:33
8,14 Мб
Жүктөлгөн: 01-11-2011
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.60/5
(5 добуш)
Түшүмдө да, өңүмдө да элесиң,

Тарта берет махабаттын желесин.

Учуп түшкөн жалбырактан көз албай,

Улам карайм убакыттын жебесин.



Бийик тоого бирге экөөбүз чыгалы,

Бизге калыс улар үнүн угалы.

Карегиңе карегимди ширетсем,

Канар бекен сагынычтын кумары.



Кайырма:



Чалкып жаткан көл калаасын бойлойлу,

Чын сүйүүнүн ырахатын ойлойлу.

Түрмөктөлүп бизди карай умтулган,

Толкундарга таш ыргытып ойнойлу.



Куулар учту, биз да канат кагалы,

Күтүп турат көктө күндүн жамалы.

Кучагына кең ааламдын тартылып,

Көкүрөккө жылдыздарды тагалы.



Өтүп жатат мезгилди ээрчип дил күчү,

Өмүрүмө жаз тартуулап гүлдөчү.

Мүнүшкөрдүн шумкарындай учайын,

Махабабаттын сересине үндөчү.



Кайырма:





Комментарийлер (4)

06.11.2011. 12:46
 Roccyi
Пойте очень хорошо!!!!!!!!!!
29.12.2011. 18:00
 rahilka
оо асмандан издеген ырымды СУПЕР KGден таптым)))
08.01.2012. 23:04
 lifeview
издеп-издеп таппай журдум эле. Супер.кж ге ырахмат
03.12.2013. 23:44
 Eli75
Соонун ыр экен. Рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо