Гүлнур Асанова "Унутпаймын"
02:53
2,65 Мб
Жүктөлгөн: 08-11-2011
Жанр: Фольклор
Сөзү:С.Жусуевдики
Обону:Б.Турсунбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(12 добуш)
Гүлдөр жайнап аңкып турса ыргалып,
Көңүл эргип нечен күлдүк, ырдадык.
Биз эч качан кайгырбайбыз дечү элек,
Кумар канбай, жал-жал карап, жылмайып.

Ал кез кетти койбой кылчайып,
Көңүлдөргө кайгы-муң салып.
Жаным, сен жок, эл көп болсо да,
Жалгызсырап жүрөм сумсайып.

Бак жасанган, бак жашарган күндөрдө,
Бажырайып жылдыз толгон түндөрдө.
Биз эч качан айрылбайбыз дечү элек,
Бирге ойноп, бирге күлүп жүргөндө.

Бирок анда оттой жаныппыз,
Биз тагдырды такыр таныппыз.
Жанашууга айла таппадык,
Жакын жүргөн менен, алыспыз.

Эркелетип сени тоонун кушундай,
Колго кармап жүрө албадым учурбай.
Турмуш деген татаал экен, кантели,
Тагдыр деген катаал экен ушундай.

Унутпаймын эсим барында,
Жүрөгүмдө сезим барында.
Сен таарынсаң, таарын тагдырга,
Бирок, жаным, мага таарынба.

Комментарийлер (11)

09.11.2011. 06:50
 Kulak
Иииии... Кандай ыр, кандай обон, кандай ыр жана кандай кыз... :)
10.11.2011. 15:46
 menedjer
сонунннннн
11.11.2011. 17:46
 ira-8484
vai vaaaai kandai sonun yr! Jakwy kyz! Rahmat saga!
17.11.2011. 13:49
 Cyldyzka
voooobşeeeee klasssss
18.11.2011. 11:46
 musulmano4ka
вау вауу соонун ырдыбтыр))))***
27.03.2012. 18:18
 freid
мага Назиранын аткаруусунда жагат. Денгээли маараган эчкидей эле болуп калыптыр.
02.04.2012. 03:11
 tolik_85
азззамат!!!!роза эжекебиз бул жакта эле калып кетиптирго ))
02.04.2012. 04:59
 toktonazarova
Роза эже бул жакта калган эмес,ушунун баары Роза эженин мээнети
30.06.2012 09:43
kg3991
toktonazarova, koshulam
14.12.2012. 15:44
 Taybas
Азаматсын! Чын эле Розадан да укмущ ко!
14.12.2012. 17:04
 usupova55
Азаматсын Гулнур абдан жакшы ырдадын.Актриса киного тартылганын баары сонун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо