КЕҢЕШ тобу "Арман"
04:09
3,82 Мб
Жүктөлгөн: 08-11-2011
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(6 добуш)
Арзуунун аралында,
Ак сүйүүгө кабылдым.
Жылуу чачып жүрөктөн,
Жылдыз болуп тагылдың.

Ойлойм сени ар убак,
Армандардан аруулап.
Тургум келет жаныңда,
Тунук сүйүү тартуулап.

Кайырма:

Арман махабат ырларында,
Арман кыялдын кылдарында.
Арман жүрөктүн сырларында,
Жалган сүйүүнүн ыргагында,
Кыялдын кылдарында...

Өмүрүмдү арнадым,
Өзүң болуп жалжалым.
Түбөлүк бакытым деп,
Мен өзүңдү тандадым.

Жете албай мен кол сунам,
Элесиңе зар болуп.
Сени ойлоп отурам,
Сенсиз дүйнөм тар болуп.

Кайырма:

Комментарийлер (5)

08.11.2011. 18:43
 montar
Andan SOONUN JARAYT
08.11.2011. 20:28
 asal
арбир ырынын кайырмасында ушунтип ырдай берсе боло береби.
21.11.2011. 16:37
 chika
эээк ушу Кенеш тобунун несин жактырасынар...ырлар атам замандагы ырлардай...анан да кыздын уну кээ бир жерлеринде жетпей калат чыйылдап...укканда жанга жагымдуу эмес да...
03.05.2012. 14:36
 jivini_gava
эл озунда элек жок суйлойберсин коралбагандар. силер суперсинер
27.07.2016. 13:01
 adi_ko.kg
Супер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо